Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

17:47 Жалалабатта Ош облгубернаторунун мурдагы 1-орунбасарынын сот иши карала баштады


Бүгүн сотто Ош облусунун губернаторунун 1-орунбасары Кушбак Тезекбаев менен губерниянын финансы чарба башчысы Сеиткасым Жээнбековго мамлекеттик айыптоочу тарабынан кылмыш кодексинин 304, 315, 177-беренелерине ылайык тергөөдө коюлган айыптары угузулду. Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланган, Орусиядан келген кайрымдуулук жардамды кырсыктан жабыр тартпагандарга мыйзамсыз таркаткан жана документтерди жасаган деп күнөөлөнүүдө. Ош шаарындагы балдар спорт мектебинин деректири Тимур Камчыбеков бийлик өкүлү болгон милиция кызматкерин эл алдында маскаралап, ага зомбулук көрсөткөндүгү үчүн делинип сотко жооп бермекчи. Күнөөнү четке каккан Камчыбековдун белгилешинче алардын кылмыш иши ушул бийликтин келишине себепкер болгон март ыңкылапчыларын элге жаманатты кылуу максатын көздөйт. Кушбак Тезекбаев айыбын моюнуна албай тургандыгын жана ал атайын уюштурулганын айтты. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG