Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


21-24-февраль күндөрү Жалалабат, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолунун 198-265, Алабука-Чаткал автожолунун 65-95 чакырым аралыктарында жана Миңкуш-Арал-Суусамыр, Каракулжа-Алайку жолдорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

22-февралда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...-6 градус.
Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...-7 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...-5 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2 градус.
Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...-7 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз -2...-4 градус болот.

XS
SM
MD
LG