Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИНИН КУБОГУНДА “ДОРДОЙ-ДИНАМО” АТААНДАШЫП ЖАТЫШАТ


Кабыл Макеш, Бишкек Алты жылдан бери футбол боюнча Түркмөнстан президентинин Кубогуна арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүп жүрөт. Кечээ 21- февралда Ашгабатта башталган футболдук таймашууда Кыргыстандын намысын алгач ирет Нарындын «Дордой-Динамо» командасы коргоп жатат. Алардын атаандаштары кимдер болууда? Мөрөй алууга чакма-чаркы жетеби?

Өлкөнүн чемпондугун катары менен төрт ирет сактап калган Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Ашгабаттагы Түркмөнстан президентинин Кубогуна арналган эл аралык турнирге алгач ирет катышууда.

Бул мөрөй талашууда он команда үч топко бөлүнүп кечээтен бери күч сынашып жатышат. «А» тобунда Түркиянын футбол клубунун курамасы, Армениянын «Мика» командасы жана Түркмөнстан кубогунун жеңүүчүсү «Шагадам» командасы беттешүүдө. Ал эми «С» тобунда болсо, Ирандын жаштар тандалма командасы, Тажикстандын чемпиону «Вахш» командасы, Түркмөнстан чемпиону «Ашгабат» командасы жана Түркмөнстандын биринчилигинде коло байгелүү болгон «Небитчи» командалары таймашууда.

Кыргызстандын намысын коргоп жаткан «Дордой- Динамо» командасы «В» тобунда Орусиянын Казань шаарынын «Рубин-2» командасы жана Түркмөнстандын вице-чемпиону МТТУ командасы менен атаандашууда.

Мында чечүүчү таймаш 23-февралда Түркмөнстандын чемпионатынын күмүш байге ээси «МТТУ» командасы менен болмокчу. Мына ушул атаандаштарын жеңсе гана “дордойчулар” чейрек финалга катышууга укук алат.

Бул турнирдин баш байге кору - 35 миң АКШ долларын түзөт. Биринчи орун үчүн- 20 миң доллар жана Президенттин кубогу, күмүш байге менен кошо 10 миң доллар сыйлык белгиленген. Үчүнчү орунга илинген команда 5 миң доллар байге алат.

Түркмөнстандын предидентинин кубогуна мурда Түштүк Корея, Кытай, Иран, Тайланд, Грузия, Казакстан, Орусия, Беларус сыяктуу футболу өнүккөн мамлекеттердин командалары катышып, жыл сайын таасири артып баратат.

Ашхабатка аттанаар алдында «Дордой-Динамо» командасынын жарым коргоочу жана чабуулчулары менен байланышканыбызда , таймашуулар курч болоорун, айрыкча орусиялыктар күчтүү экенин айтышты.

Футболчулардын машыгуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн команданын мурдакы чабуулчусу, учурдагы экинчи машыктыруучу Замир Жумагулов айтуу менен футболдун деңгээли өлкөнүн экономикалык абалына да байланыштуу экендигин белгиледи:

- Машыгуулар үчүн бардык шарттарды түзүүгө жетекчилер аракет кылышты. Бирок мыкты оюнчулар «Дордойдон» башка командаларга кетип калганы өкүнүчтүү. Биздин негизги аттаандаштардын чеберчилиги, деңгээли жогору. Кыргызстандагы экономикалык жагдай дагы футболго таасирин тийгизет.

-Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек, - дейт футбол күйөрманы Улан Мамбетов.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтымында , өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Ошондой эле ар бир облуста жок дегенде бирден команда болуусу шарт.

“Тилекке каршы, Чүй, Бишкек, Оштун командалары менен чектелип, чыныгы кесипкөй 2-3 футбол клубу гана иштейт. Өкмөттүк денгээлде футболго көңүл бурулмайын, мамлекеттик колдоо болмойун өлкөдө футбол өнүкпөйт. Мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлкөлөргө Валерий Кашуба сыяктуу кетип кала бермекчи” дейт Бообек Кадыркулов.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов негизги оюнчулардын катарына 4-5 орусиялык жана 6 африкалык футболчулардын кабыл алышына футбол адистери нааразы да болушууда. Алардын пикиринде өлкө аймагындагы таланттуу жигиттердин багы ачылбай калууда. Нарындын жергиликтүү “Дордой” командасы эмес эле афро-орусиялык команда болуп баратканын сынга алышууда.
XS
SM
MD
LG