Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Ооганстандын түштүгүндө Талибандын отуз согушкери жок кылынды


Алар Гильменд провинциясында ооган жана коалициялык аскерлер биргелешип өткөргөн операция учурунда жок кылынган. Ооган коргоо министрлигинин маалыматына караганда, беш саатка созулган кечээги уруштун жүрүшүндө талибдердин молдо Абдул Бари деген кол башчысы да мерт болуп, 11 согушкер туткундалган. Аскерлер менен жөн-жай туругундар арасында жоготуу болгон жок. Бул аралыкта кечээ ушул эле Гильменд провинциясында күзөттө жүргөн жеринен жарылууга кабылып, британиялык бир аскер каза тапкан, экинчиси жаракат алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG