Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

АКШнын Белграддагы элчилигине митингдин катышуучулары кол салды


Бүгүн Сербиянын башкалаасында демонстрациянын бир нече катышуучулары АКШнын Белграддагы элчилигине чабуул жасады. Элчилик жайгашкан имараттын каалгалары жана терезелери жабылды. Жергиликтүү сыналгы каналдарынын кабарларына ылайык, Белградда айрым демонстранттар тобуна каршы серб полициясы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Маалыматтар боюнча, Косовонун эгемендүүлүгүнө каршылыгын билдирип, бүгүн Белградда 10 миңден ашуун адам келди. Өлкөнүн премьер-министри Воислав Коштуница чогулган эл алдында буларды айтты:

- Косоводогу биздин биртуугандарыбыз жалгыз эмес жана аларды эч ким унутта калтырган жок. Канчалык биз ультиматумдарды четке кагып жана өзүбүздүн досторубузга кучак жайсак, ошончолук Сербия эркин. Биз берилгендигибизди дагы бекемдедик. Биздин сөзүбүздү жалпы дүйнө жүзү укту. Сербиянын сөзү канчалык туруктуу экени жалпыга маалым. Косово – бул Сербия!

Жалпы элдик демонстрацияны бийликтер уюштурууда, ага катышууну каалагандарды бийлик бүгүн поезд, автобус жана башка унаа менен Белградга акысыз ташыды. Мектеп окуучулары да бир күнгө сабактан бошотулду.

Ушул эле күнү серб президенти Борис Тадич иш сапары менен Румынияда болду. Румыния Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тарткан Евробиримдиктин саналуу өлкөлөрүнүн бири.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG