Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Маектешкен Бекташ Шамшиев, Бишкек Окумуштуулардын болжолу боюнча ушу тапта дүйнөдө 5 миңдин тегерегинде тил калды. Бирок карааны калың тилдердин теңинен көбү жоголуу коркунучунда турат. Жаамы дүйнөлүк эне тил майрамы кезинде Улуттук илимдер академиясындагы кол жазмалардын сакталышы, иликтениши, улуттук көркөм нарк-дөөлөттөрдүн учурдагы абалы жайында айтып берүүсүн өтүнүп кабарчыбыз Бекташ Шамшиев белгилүү илимпоз Омор Соороновду кепке тарткан.

-Омор агай, эл ооз эки чыгармаларын иликтөө кийинки жылдары сиздин оюңуз боюнча кичине жандандыбы же болбосо, ахыбал мурдагы бойдон эле дымып турабы?

- Жанданды дегенде Совет доорунда ысымдарын атаганга тыюу салынган Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Тыныстанов, Молдо Нияз, Молдо Багыш жана башкалар азыр чыгып, элге тарап, алардын чыгармалары бул жагынан жанданып жатат десек болот. Ал эми мурдагы чогултулган, жазылып алынган материалдар, кол жазмалар фондунда ошол бойдон турат. Аны изилдеп, бардыгын аңтарып чыга турган күч дагы, кызматкерлер дагы жок. Ал ошол бойдон турат. Белгисиз, элге жетпей келген авторлор азыр чыгып жатат.

- Сиз эми билесиз, бул илимий китептин чыгарылышынын өзүнчө бир өзгөчөлүү шарттары болот. Ошол чыгып жаткан китептердин илимий сыпатталышы, илимий даярдыгы кандай жана фольклордук илимдин талап-шарттарына жооп берген деңгээлде чыгып жатабы?

- Талапка ылайыктуу чыгып жатат деп толук маанисинде айтыш кыйын. Мен Молдо Багыш дегендин жыйынагынын түзүүчүсүмүн. Бардыгын даярдап, бүтүрүп бердим. Жээни Малабек алып кетип, ага Сариев дегенди редактор коюп койгон экен, андан кийин бир топ башка, Молдо Багыштын чыгармачылык жолуна, стилине, мезгилине тиешеси жок материалдарды киргизип жиберген жерлери бар. Мен бул жөнүндө жаздым. Мен түзүүчү болуп тургандан кийин бул мага жаман тийди.

Ушуга окшогон башка дагы мисал бар. “Калыгул” дегенди Солтоноев жазган убагында, Саманчин жазган. Бул кадимки төкмө ырчы эмес. 2-3 саптан меселдетип айткан, акылман киши деген, бул бардык жерде жазылып турат. Ошого карабастан Калыгулга тиешелүү чыгып жаткан китептерде башка авторлордун чыгармаларынын бардыгы кирип кеткен. Ошол эле Арстанбек, Айдарбеков дегендер жазып алган, ошолор жаздырган материалдар Калыгулдуку деп кирип кеткен. Ошол китептен алып ырдап жүрүшөт, “Калыгулдун санааты” деп, Жолболду сайрап ырдап жатпайбы. Бирок ал санаат бир нече кишинин авторлугунан жыйналган. Калыгул санаат айткан эмес. Ал макалдатып сүйлөгөн акылман киши болгон. Советбектин азыр “Калыгулдун педагогикасы” деген илимий иши чыгыптыр. Ошол китептен алып жатат. Эми пайдубалын туура коюш керек да. Көзү өтүп кеткен акын, жазуучулардын чыгармаларын даярдоодо абдан тыкан иштебесе, башка илимдерге, башка жерлерде туура эмес иш жүрүп калат.



-Социализм кезинде кол жазмаларды өзүнчө институт кылуу демилгеси көтөрүлгөн эле. Анан ушул кол жазмалар менен иштей турган адистер дагы саны жагынан арбын болчу. Байкашымда азыр саналуу гана кишилер калган го кол жазма бөлүмүндө.

- Кол жазмалар фондунда үч эле киши иштейбиз. Анын бири башчысы, Эгембердиева жана мен. Кезегинде эң туура маселе көтөрүлгөн, ошондо эле ачылып, ошондо эле кызматкерлерди көбөйтүп, кол жазмалар фондунун ичиндеги материалдарды жөн эле тизмелеп, карточкадай кылып эле койсо, башка тарыхчылар, тилчилер, адабиятчылар, философторго даяр материал турат. Бирок аны азыр алар таба алышпайт. Себеби бир папканын сыртына “Алайдан жыйналган материал” деп коет. Анын ичинде 99 түрдүү материал бар. Тарыхы дагы, башкасы дагы бар. Анын бардыгын ачып отура албайт да.

Биз азыр “Кол жазмалардын илимий сыпаттамасы” дегенди жазып жатабыз. Бул көпкө чейин созулуп кетет, анткени кызматкер жок. Эгер бул тез аранын ичинде бүтүп калганда, бул биздин кыргыз эл үчүн, кыргыз маданият үчүн чоң иш болот.

-Сиз араб тамгасында, латын тамгасында жазылган эски кол жазмалар менен иштешип келе жатасыз. Мына эгемендүүлүк алгандан кийин кол жазма жыйноо иштери негизи токтолгонсуп эле калды. Бирок ошентсе дагы эл арасында түшүнүп, эски кол жазмаларды алып келген учурлар, эски кол жазмаларды сиздерге сунуш кылган учурлар болдубу?

- Мен таң калам, мурда ушул кол жазмалар фондуна бири келип, иштеп жана илимий иштерин дагы ошол жерден тактап кетип турчу. Азыр ошолордун аягы тыйылып калды. Даяр, бирөө жазып койгон нерсе болсо, ошонун үстүнөн эле илим жазып жатышат. Элден жыйноо деген алда качан токтогон. Бирок өздөрү алып келип тапшыргандар дагы азайып калды.



-Кол жазма адабияты, өзүнүн колу менен китеп түзгөн көркөм маданияттын өзүнчө бир түрү бар эле да. Мисалы, айталы ошол эле Тоголок Молдонун өзүнүн кол китептери бар. Ошондой кол китептердин көбү менен таанышсыз. Мына ушул кол жазмалар фондунда кол китептерден канча бар?

- Мындай кол китептерди эгер кол китеп деп атай тургандар болсо, эми анын санын мен так айта албайм. Абдан көп да. “Илимий сыпаттамалар” жазылып бүткөндөн кийин ошонун саны ачык көрүнөт. Кайсы кол китеп, кайсы жөндөмө экени ошондо ачылат.

-Тоголок Молдонун кол жазмалары ушул кол жазмалар фондунда кандай орунду ээлейт?

- Тоголок Молдо менин баамымда кол жазмалар фондусуна кызмат кылган Кайым Мифтаковдон кийинки эле көп иштеген киши экен. Кол жазмалардын ичинде элден жыйналган толгон-токой жанрдагы чыгармалар, санжыралар, кадимки эле тарых, “Манастын” үч бөлүгү тең бар. Элдик чыгармаларга тиешелүү болгон бардык жанрдагы материалдарды жыйнагам. Ал көбүн өзү жазган колу менен, көбүн отуруп алып бирөөлөр жазган. Көбүнчө айтып берген. Мына ушул Бишкекке келип, 1938-жылы төрт ай туруп, тынбай күнү-түнү айтып берген экен, ошолордун бардыгы материалдарда жазылып турат.

Фонддо сакталгандардын бардыгын эле Тоголок Молдо өзү колу менен арабча, же латынча жазган экен деп түшүнбөгүлө. Аны башкалар жазып алгандары өзүнүн жазганынан көп. Эн көбү Абдыкалык Чоробаев жазып алган. Ошол эле Ибрагим Абдырахманов жазып алган. Көбү эле ким жазып алганы белгисиз, себеби өзүнүн фамилиясы коюлган эмес, бирок кол тамгаларына карасаң – ар түрдүү кол тамгада көчүрүлүп жазылган да.



-Тоголок Молдонун кол жазмалары буга чейин канчалык деңгээлде изилденди?

- Тоголок Молдону убагында Таштемиров агай изилдеген экен. Анан кийин Кеңешбай Асаналиевич бир китеп чыгарды. Кийин дагы башкалар катышып жүрөт. Бирок мен азыр ушунун илимий сыпаттамасын жазып жаткан учурда байкашымча, Тоголок Молдонун дагы ачыла элек сырлары мына бул папкалардын ичинде бар экен.

Педагогикада жалпы эле элди эски сөздөргө, эски түшүнүктөрдү билүүгө үйрөөтүүдө зор пайдасы тие турган жарыялана элек чыгармалар бар. Мен аларды алымдын жетишинче гезиттерге берип жатам. Алардын бардыгын карап чыккандан кийин айтам го. Ар кандай эле акындын кол жазмаларын, айрыкча жаза билген акын жазуучу илимпоздордун өзүнүн иш бөлмөсүнө кири, анын кол жазмаларынын ар бирин бир беттен окуп чыкмайынча ошол жөнүндө терең ой айтуу жакшы эмес. Бул маданиятсыздыктын бир түрү.

-Омор агай, менин билишимче, сиз Мукай Элебаевдин кол жазмасын абдан казып чыгып, ошондо бир сөз айттыңыз эле: “Көп эле кишилер Мукай жөнүндө жазганы менен анын кол жазмасына колун тийгизген эмес экен” деп. Ошол эле мезгилде сиз, Молдо Нияздын, Зиябиддин Максымдын чанда эле киши окуй турган кол жазмасын алып, кыргыз тилине котордуңуз. Азыр сиз ушул тапта кандай кол жазма менен иштеп жатасыз?

- Молдо Нияз, Молдо Багыш, Зиябиддин Максым, Молдо Сайпидин - мына ушуларды да, айрыкча окуучуларга өтө кыйын болгон Молдо Сайпиддиндин “Мажума товарих” дегени кыргыз үчүн өтө зор тарых документ. Бирок ошого көңүл бөлбөй жатышат. Же болбосо, Зиябиддин Махзунни дегенди изилдеп, ошол болуш керек деп божомолдонуп жатат. Бирок текстин жазган киши Махзунни деп эле аталат. Ал Махзуннинин Фарганахандардын тарыхы дегендин чыгышында өтө белгилей турган, ар бир кыргыз кулагына илип кое турган бир нерсени айткым келет.

Ушул маселелерде Молдо Сабыр деген кыргыздын бир азамат молдосу бар. Ушул киши илгертеден Юнисалиев, Юдахиндер тушунда, андан кийинки Карасаев жана башкалардын тушунда ашык болуп, ушунун ичинде эмне бар экен деп келген, Мажума товарих, фарганахандардын тарыхы жана башкаларды кыргызга жеткирген эң негизги киши Молдо Сабыр болуп эсептелет. Мен анын жанында болуп, ал фарси тилинен которуп айтканда, мен аны кагазга түшүрүп эле тургам.



-Кол жазмалардын мындан аркы тагдыры тууралуу айтып берсеңиз. Дегеле ушул кол жазма деген кыргыздын жазууда калган, кагазга түшүрүлүп калган тарыхы болуп жатат да. Мына ушуну сактап калуунун, ушуну кийинки муунага, кыргыздын кыргыз экенин билдирип, кол жазма кагаз жүзүндөгү тарыхын жоготпой, жок кылып албай, ошону сактап калыш үчүн кандай кеп-кеңеш айтат элеңиз?

- Бизде Акүй, башка жакты коюп эле, ушул эле Академиянын ичинде кол жазмалардын баасын ушул күнгө чейин жакшы билбей келатышат. Кол жазмалардын баасы эч нерсе менен ченелбейт. Манаска карата Юнисалиев агайдын тушунда жакшы бир аракет башталган. Эгер ошол киши турганда кол жазмалардын бактысы ачылмак.

Ошол кол жазмалардын ичиндеги укмуштай сырлардын бардыгы биздин элибизге тартууланып, анан элибиздин духун көтөрмөк. Азыр патриот болумуш болуп сүйлөгөнү менен чынында биздин кыргыздардын көбүбүздүн патриоттук сезимибиз жок экен. Ошондой патриоттуулукка мамлекеттик деңгээлде ойлонууга, ошого аракет кылууда зор пайдасы тие турган нерселер - кол жазмалар фондунун ичиндеги жаткан сырлар. Булар ачылбай жатат.

Биз 70ке чыгып калдык, андан кийинкилерге мен анча ишене албай турам. Ошол ушул боюнча калып калат окшойт. Муну ачып, элге жеткирип, Сулайман Кайыповдой билерман, жалпы эле элдин адабиятын абдан мыкты билген ушундай кишилердин жетекчилигинин алдында кол жазмаларга көңүл буруп, муну өзүнчө үй тургузуп, температурасын дагы өзүнө ылайыктап, башкалардын бардыгын келтирип сактай турган мезгил алда качан эле өтүп кеткен. Эми азыр буга көңүл болбойбу деп мен түңүлүп баратам. Ага көңүл бөлбөсө, миңдеген кишилердин сүйүнүп, “ушу менин айтканым калат экен” деп жаздырып кеткен кол жазмалары өлүү боюнча жатат. Ошолордун аттарын чыгарып, ошолордун айткан жакшы ойлорун элибизге жеткирсек өтө сонун иш болот эле.

Ал эми сакташ жагына келгенде муну жогорку деңгээлде колго албаса, көбү өчүп баратат. Кээ бир беттерин окуй албай калдым. Тамгалары өчүп кеткен. Айрыкча кийинки жазылган сыялар ар түрдүү экен. Бул сыялардын кээ бири тез эле аппак болуп эле өчүп калат экен. Ошон үчүн анын көчүрмөсүн алып туруп, экинчи бир бөлмөдө сакташ керек эле. Бизде бардыгы аралашкан боюнча папканын ичинде турат.

-Сиздерде фонотека бар да. Аудио жазуулар бар. Ошолордун ахыбалы кандай болуп жатат?

- Ал ошол бир шкафка салынган боюнча турат. Аны кыймылдаткан эч ким жок. Ага “Манас” борборунун тыйыны жок жана күчү жетпейт. Сырттан каражат бөлгөн эч ким жок. Илгери эле айткам, жаман дагы көрүнгөм, бул кол жазмалар фондун мамлекеттик көзөмөлгө алмайынча мунун сыры дагы ачылбайт, сакталышы дагы жакшы болбойт. Магниттик ленталарга жазылган үндөр 30-40 жылдап тургандан кийин анын сапаты дагы жоголот. Ошолордун бардыгын кайрадан жазып, кол жазмалар фондунда турган материалдардын экинчи нускасын алып туруп, түп нусканы абдан катуу кайтарылган бөлмөгө, сейфтерге сакташ керек эле. Бизде андай жок.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG