Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:31

М.ЧОЛПОНБАЕВ: КООМДУК ПАРЛАМЕНТ БИЙЛИКТИ КЕТИРҮҮ МАКСАТЫН КӨЗДӨБӨЙТ


Маектешкен Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек “Таңкы Азаттыктын” түз ободогу маектеши Коомдук парламенттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев болду.

-Мукар мырза, кечээ Адилет министрлиги Коомдук парламенттин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, ошонун негизинде расмий билдирүү таратты. Ушул билдирүү сизди канчалык ынандыра алат, ал канчалык жүйөлүү?

-Бул билдирүү Адилет министрлигинин билимсиз экендигин көрсөтүп жатат. Мындай иштерде компетентсиз экендигин билдирип жатат. Анткени Коомдук парламент дегендин өзү эле коомдук экендигин көрсөтүп жатпайбы. Биздин мыйзамдарда, Конституцияда гана көрсөтүлбөстөн, адам укугу жөнүндөгү эл аралык укуктардын нормаларына ылайык, Кыргызстандын жарандары өздөрүн ой пикирлерин максаттарын кандайдыр бир шарттарда болбосо дагы билдирүүгө укуктуу. Ал эми бул Коомдук парламент ошол Кыргызстандын жарандарынын өз ой-пикирлерин билдирүүнүн бирден-бир жолу жана шарты болуп эсептелет.

Анткени бул парламент мамлекеттик орган эмес, ал үчүн эч кандай мыйзам же нормативдик акты кабыл алуунун кереги жок. Бул Коомдук парламенттин чечимдери мыйзамдык акт катары каралбайт. Алар сунуш жана резолюция ирээтинде жүргүзүлөт. Эгерде Коомдук парламенттин сунушутарын, алардын ой-пикирлерин эске алып, мыйзамдарын оңдой турган болсо, бул парламенттин өзүнүн билимдүү экендигин, алардын мыйзамдуу жана жакшы иштеп жатканын гана көрсөтүшү мүмкүн.

Экинчиден, шайлоонун өткөнүнө үч айдын жүзү болуп баратат. Ошондон бери шайлоо кандай өткөндүгү, кайсы партия, кайсы региондон канчалык добуш алгандыгын эч ким көрсөтө элек. Биздин билишибизче, шайлоого элдин 60 пайызга жетпеген катмары катышты деп эсептелет. Демек ошол шайлоочулардын азчылыгы шайлаган парламент жалпы элдин кызыкчылыгын чагылдыра алабы? Чагылдыра албай турган болсо, өтпөй калган көп партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын шайлоочуларынын ой-пикири кайсы жерде угулушу керек? Мына кептин маңызы ушунда эмеспи.

-Билесиз, 2005-жылы “Акаевге - отставка, эл үчүн – реформа” деген кыймыл түзүлдү эле. Анын формасы боюнча дал ушул сиздердин “Акыйкат үчүн” кыймылына окшошуп кетет да. Алар алдыга “Акаевдин бийлигин кетириш керек” деп максат коюп, ал максатка жетти. Сиздерде ошондой конкреттүү максат барбы?

-Коомдук парламентте андай максат жок. Коомдук парламентте жалпы шайлоого катыша албай калган элдердин, партиялардын ой-пикирин гана билдирүү максаты бар.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG