Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

08:29 Бүгүн улутчулдукка, фашизм менен расизмге каршы акция өткөрүлөт


Иш-чараны Орусиядагы улутчулдардын колунан каза тапкан кыргызстандык жарандарга арнап “Тынчтык–маданият жарыгы” коомдук уюму өткөрүүдө. Бул иш-чаранын катышуучулары жөө жүрүш менен өкмөт үйүнө барып, президент Курманбек Бакиевдин атына Орусиядагы улутчулардын колунан каза тапкан кыргыз жарандарын эскерүү үчүн 8 күндүк аза күтүү жарыялоосун талап кылган кат тапшырмакчы. “Тынчтык–маданият жарыгы” коомдук уюмунун лидери Максим Кулешовдун пикиринде, бул акциядан кийин дагы ушул өңдүү иш-чаралар өткөрүлүп, коомчулук улутчулдук көйгөйүнө олуттуу көңүл бурат. Жыл башынан бери Москвадагы улутчулардын колунан 7 кыргыз атуулу каза тапкан. “Кыргыз биримдиги” мекендештер диаспорасынын өкүлдөрү президент К.Бакиевдин Москвадагы сапары учурунда, өлкө башчысы менен кыргыз мигранттарынын коопсуздугун талкуулоо үчүн жолугушууга аракет жасашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган диаспоранын жетекчиси Абдыганы Шакиров билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG