Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

14:43 Кыргызстандык укук коргоочулар улутчулдукту жана фашизмди айыптаган митинг өткөрүштү


Укук коргоочулар алгач Бишкектеги Жеңиш аянтында чогулуп, анда кыргыз жана орус бийлигине кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда Россияда кыргыз атуулдарын өлтүргөн такырбаштардын аракеттери кескин айыпталып, фашизмге жол бербөө чакырыгы айтылды. Укук коргоочулар митингден кийин фашизмге каршы Улуу ата мекендик согушта каза болгондордун эстелигине гүл коюшту. Митингчилер учурда Алатоо аянтын карай келатышат. Алардын саны жыйырманын тегерегинде. Митингчилердин катарында Динара Ошурахунова, Дмитрий Кабак, Максим Кулешов жана башка укук коргоочулар бар.(AiT)

XS
SM
MD
LG