Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстандык укук коргоочулар бүгүн Бишкекте улутчулдукту жана фашизмди айыптаган акция өткөрүштү. Укук коргоочулар алгач Бишкектеги Жеңиш аянтында чогулуп, анда кыргыз жана орус бийлигине кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда Россияда кыргыз атуулдарын өлтүргөн такырбаштардын аракеттери кескин айыпталып, фашизмге жол бербөө чакырыктары айтылды. Укук коргоочулар митингден кийин Улуу ата мекендик согушта каза болгондордун эстелигине гүл коюшту. Митингчилер андан кийин акцияны Алатоо аянтында жана Орусиянын элчилигинин жанында улантышты. Акцияга отуздун тегерегинде адам катышты.





















XS
SM
MD
LG