Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

“УЛУТЧУЛДУККА ЖОЛ ЖОК”


Бүгүн Бишкекте “Фашизмге, расизмге жана улутчулдукка жол жок” деген аталышта митинг болуп өттү. Бул иш-чара Орусиядагы улутчулдардын колунан каза тапкан кыргызстандык жарандарга арналып, бир нече бейөкмөт уюмдар тарабынан өткөрүлдү. Митингдин катышуучулары Бишкектеги орус элчилигине келип, фашисттик маанайда киши өлтүрүүнү уюштуруп жаткандарга карата катуу чара көрүүсүн талап кылып президент Путиндин атына жазылган катты тапшырышты.

Иш-чаранын катышуучулары алгач “Жеңиш” аянтына чогулуп, ал жерде экинчи дүйнөлүк согушта фашизмден курман болгондорду эскеришти. Ошондой эле Жеңиш аянтында Орусиядагы улутчулдардын аракетин токтотууга, фашисттик жана расисттик кемсинтүүнүн бардык түрлөрүнө жол бербөө тууралуу Кыргызстандын жана Орусиянын президенттерине кайрылуу кабыл алынды. Кайрылууну иш-чаранын негизги демилгечиси “Тынчтык –маданият жарыгы” коомдук уюмунун жетекчиси Максим Кулешов окуп берди:

-Орусиядагы кыргызстандык жарандардын өлтүрүлүшү боюнча биз терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Кыргыз коомчулугунда бул өлтүрүүлөр расалык чыдамсыздыктын негизинде болуп жатат, деген коркунуч күн санап өсүүдө. Биздин жарандарды өлтүргөндөргө катуу чаралар көрүлүүсүн талап кылабыз.

Кайрылуу ээлери ошондой эле кыргыз жана орус бийликтеринен саясий эрк менен расалык кемсинтүүнүн бардык жолдорун жок кылууга аракеттенүүсүн талап кылышты.

Акциянын катышуучулары жөө жүрүш менен Алатоо аянтына келип, “Эркиндик” эстелигинин алдында Орусиядагы улутчулдардын колунан каза тапкан бардык кыргызстандык жарандарды эскерүү жөрөлгөсүн жасашты. Алардын өкүлдөрү Өкмөт үйүнө барып, президент Курманбек Бакиевдин дарегине жазылган кайрылууну Борбордук почта аркылуу жиберишти. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путиндин атына жазылган кайрылуу Бишкектеги орус элчилигинин алдында элчиликтин маалымат катчысы Виктор Харченкого тапшырылды. Орус элчилигинин маалымат катчысы кат өз дарегине жиберилерин билдирди:

-Биз катты алдык, рахмат. Өз дареги боюнча берип жиберебиз,-деди орус элчилигинин маалымат катчысы Виктор Харченко.

“Фашизмге жол жок” деген аталыштагы иш-чарага “Атуулдук коом коррупцияга каршы”, коомдук уюму, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы, “Кылым шамы” укук коргоо борбору баштаган бир нече бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жаштар жана студенттер катышты. Укук коргоочулардын координациялык кеңешинин мүчөсү Сартбай Жайчыбеков мындай көрүнүштөргө бийлик азыртан кийлигишип, аракет кылбаса, арты коркунучтуу болот, деп эсептейт:

-Азыркы учурда элдин ичинде кайра тетири жооп кылуу тууралуу ой жүгүртүүлөр менен бирге жаштардын арасында “анда биз да орустар менен сүйлөшөлү” деген үндөөлөр пайда болуп жатат. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт, ошонун алдын алуу керек.

Сартбай Жайчыбеков Ата мекендик согуш учурунда Орусияны фашизмден коргоп, кыргыздын улан-кыздары курман болгонун да белгилеп кетти.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Орусиядагы эмгек мигранттарынан Кыргызстанга 600 млн доллардан ашуун каражат которулган. Улуттук университеттин студенти Ринат Самудинов Бул сумма өлкөнүн жылдык бюджетинин негизги бөлүгүн түзөрүн белгилеп, бийлик Орусияда мигрант болуп жүргөн жарандарын ойлобосо да, өлкөнүн экономикасын ойлоого тийиш деген пикирде:

-Биздин мамлекеттик бюджеттин 70-80% ошол жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктар эле жаап атышат. Ошондуктан, өлкөнүн экономикасын, стабилдүүлүктү ойлосо, алардын коопсуздугу тууралуу бийлик кам көрүүгө тийиш, -дейт студент Ринат Самудинов.

Жыл жаңыргандан бери Орусиядагы улутчулдардын колунан каза тапкан кыргызстандык жарандардын саны сегизге жетти. Мындай учурлардын арбыганы азыр жалпы коомчулуктун тынчын алууда. Муну Москвадагы кыргыз элчилигинин нотасы, бейөкмөт уюмдардын аракеттери жана бүгүн Жогорку Кеңеш тарабынан Орусиянын Мамлекеттик Думасына жиберилген кайрылуулар ырастап турат. Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу комитети Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны 250 миңден ашуун деп билдирүүдө, ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча ушул тапта Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG