Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Кошмо Штаттары Белграддагы элчилигинин өрттөлүшүн айыптады


Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Шон Маккормак ошондой эле серб полициясы окуяны алдын алууга жетиштүү чара көргөн жок деген нааразылыгын билдирди. Анын алдында Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши да америкалык жана башка элчиликтерге кол салууну айыптады. Кечээ Косовонун көз карандысыздыгына каршы ири демонстрациядан кийин нааразы болгон топ АКШнын элчилигине кирип барып, имаратка өрт койгон. Кийинчирээк элчиликте белгисиз адамдын күйгөн сөөгү табылган. Болжолу менен ал кол салагандардын бири болчу. Аламандаган жаштар Түркия, Хорватия жана Британиянын дипломатиялык миссиялары жайгашкан имараттарды да таш баранга алышкан. Европа биримдиги Серб бийликтерин чет өлкөлүк элчиликтердин коопсуздугун камсыздоого үндөдү. Россиянын тышкы иштер министрлиги кол салууларды айыптап, ошол эле маалда жоопкерчилик Косовонун эгемендүүлүгүн тааныган Батыш мамлекеттерине да жүктөлөт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG