Буга байланыштуу Бишктеги Жоокердик эрдик монументине гүл чамбарларды коюу аземи болуп өттү. Ага коопсуздук кеңештин катчысы Токон Мамытов, коргоо министри Исмаил Исаков жана аскер кызматкерлери катышты. Мекенди коргоочуларга түштөн кийин Алатоо аянтында концерт уюштурулмакчы. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)