Мындай чечим 22-февралда Кыргызстан каржы министри Тажикан Калимбетова менен Иран тышкы иштер министри Манучехр Моттакинин жолугушуусунда кабыл алынды. Тараптар комиссиянын отурумун 12-14-мартта өткөрүп, анда экономикалык,илимий-техникалык, маданий багытта кызматташууларды талкуулоону белгилешкен. Өткөн жылдын 11 айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 14.5 миллион долларга жакындаган. Ал 2006-жылга салыштырмалуу 2.7% өскөн. Иран тышкы иштер министри 21-22-февралда Кыргызстанда расмий сапар менен болду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.(AiT)