Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

15:16 Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясын түзүү макулдашылды


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Кабай Карабековдун маалыматы боюнча, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясын түзүү боюнча Түркиянын Анталия шаарында болгон жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков катышты. Эл аралык маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, Түркия, Казакстан, Кыргызстан жана Азербайжандын өкүлдөрү Түрк тилдүү мамлекетердин Парламенттер аралык Ассамблеясын түзүү боюнча келишимди 22-февралда макулдашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG