Словениянын мурунку өлкө башчысы 57-жашында рак оорусунан каза тапты. Анын 90-жылдары Словениянын көз карандысыздыгы үчүн эмгеги зор болгон. 10 жыл өкмөт башчы болгон Янез Дроневшек 2002-жылы президент болуп шайланган. Былтыр декабрда саламаттыгы начарлап, экинчи ирээт президенттик шайлоого ат салышкан эмес.