Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

ПАТЕНТ КЫМБАТТАДЫ, АНЫ МЕНЕН КОШО БАШКА БААЛАР ӨСТҮ


Февраль айынан тарта соода жүргүзүү жана тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн берилүүчү патенттин баасы жогорулады. Ага кошо азык-түлүк баалары, тейлөө кызматтарынын акысы да кымбаттаганы байкалды. Адистер салыкты көбөйтүү жолу менен экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүн эместигин билдиришүүдө. “Азаттык” үналгысынын “Адам жана базар” аттуу экономикалык программабыздын бул жолку чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Кыргызстанда ишкердиктин 122 түрү патент системасы менен иштейт. Жаңы жылдан тарта анын 80 түрүнүн баасы көтөрүлдү. Ишкерлер патент баасынын кымбатташы эң ириде азык-түлүк бааларынын, тейлөө акыларынын жогорулашына алып келерин айтып, тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Сергей Понамаревдун айтуусунда патент баасынын жогорулашы соодагерлердин нааразычылыгын туудурууда:

-Салыктардын, анын ичинде патенттин баасынын көтөрүлүшү ишкерлер үчүн кеп эмес, бирок товарлардын баасы жана кызмат акылары керектөөчүлөр үчүн кымбаттайт. Бул албетте эң биринчи бюджеттен айлык алган мугалимдер менен врачтар жана башка кызматкерлер үчүн оор болот.

Виталий Пономаревдун айтуусунда расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда бизнестин 52% көмүскөдө. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча салык төлөбөй, мамлекеттин капчыгына түшчү акчанын жарым-жартылайын башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө салган ишкерлер 80% түзөт.



Салык системасын жакшыртуу абзел

Патент баасынын көтөрүлүшү бардык эле соодагерлердин нааразылыгын туудурууда. Быйылкы суукта соода болбогонун белгилеген сатуучулар мамлекет ишкерлердин да кызыкчылыгын караса болмок дешет.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Кыргызстан салык системасы боюнча 178 өлкөнүн ичинен 152-орунда турат. Адистердин айтуусунда бул деген биздеги салык системасынын жакшы эмес экендигинен улам болууда.

Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Сергей Понамарев бюджетти кантип толтурууну ойлоордон мурун салык төлөөчүлөргө пайда табууга мүмкүнчүлүк бериш керек.

Патент баасы көтөрүлгөнүнө аймактардагы ишкерлер менен соодагерлер да нааразы. Жалалабаттык соодагерлер салыктын көтөрүлүшү менен бааларды жогорулатууга аргасыз болуп жаткандыгын айтышууда.

Жалалабат шаарында менчик унаалар менен жеке менчик таксилерге болгон патент баалары былтыркы калыбынан озгоруусуз калды. Социалдык катмардагы көп бүлөөлүү жана жөлөк пул, пенсиясы менен жашаган жүргүнчүлөрдү ташыган чакан автобустарга иштөөгө мүмкүндүк бербегендиктен кумурскадай жайнап кеткен “Тико” жана “Дамаз” үлгүсүндөгү автоунааларга болгон салык баалары былтыр кымбаттаган. Буга салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин жергиликтүү салык башкармалыктарынын буйругу жана Жалалабат шаардык Кеңешинин токтому себепчи болгондугун шаардык салык башкармасынын жетекчиси Эрмек Чоюнов айтып берди:

-2007-жылы 1-февралдан тарта шаардык кеңешинин токтому менен мындай автоунаалардын патенти 300 сомдон 500 сомго кымбаттатылган.

Баалардын кымбаттосу менен казыналык кызматкерлердин маяналары көбөйтүлө баштагандыктан чакан ишкерлерге болгон патент акылары жыл башынан көтөрүлдү.

Эрмек Чоюновдун жообуна ылайык коомдук тамактануу жайлары менен азык-түлүк, спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөрдүн патент акылары 100 пайызга, компьютердик жабдуулар менен уюлдук телефондорду саткан ишкерлердин патент акылары 1-2 эседен көбөйтүлдү:

-Бардыгынын эмес уюштуруучу техника, мобилдик телефон саткандар патентке 1500 сом төлөшчү, жаңы жылдан тарта 3000 сом болду. Ошондой эле спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөр да патентти эки эсе кымбат ала башташат.

Бирок биз кайрылган кафе-ресторандардын кызматкерлери менен жетекчилери жана спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөрдүн ээлери микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тартышты.



Маселен, “Икрам ата” кафесинин атын атабоону өтүнгөн жетекчиси патент акылары кафелердин орун санына карата көбөйтүлгөндүгүн, ал патент үчүн былтыр 1200 сомдон төлөсө, быйыл январь айында 1900 сом бергендигин билдирди. Суу, электр жарык жана жер акылары да кымбат болуп, кардарлар аз болгондуктан эмгеги акталбай, кызматкерлеринин маянасын кантип төлөөрүн ойлонуштуруп жаткандыгын айтты.

Ал эми арак-шарак саткан дүкөндөрдүн патент акылары да эки эсеге көбөйгөн же «Борбордук» деп аталган арак дүкөнүнүн ээси билдиргендей 1000 сом болуп калды.

Патент акыларынын кымбаттагандыгын жеке менчик таксинин ээси Шекербек аттуу жаран да кубаттады. Бирок анын ою боюнча ушутапта мээнетинен майнап чыкпай жатат. Анткени жумушсуздук менен элдин маяналары аз болгондугунан шаардагы жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү чет элдик маркадагы автоунааларды анча жалдай беришпейт.

Патенттен алынган каражат жыргатып салыкты толтурбайт

Салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик комитети патент баасын көтөрүү менен бюджет кенемтесин толтурууга аракет болбогондугун белгилөөдө. Аталган комитеттин төрага орунбасары Адылбек Касымалиевдин ырасташынча, патент акысынан чогулчу акча жалпы салык төлөмдөрүнүн 3% ашуун бөлүгүн түзөт:

-2007-жылы биз 12 миллиард 672 миллион сом салык чогулттук. Ошонун ичинен патент төлөп аткандар 430 миллион сом төлөштү. “Дордойдун” товар жүгүртүүсү, соодагерлердин соодасы чоң. Биздин патенттен чогулткан акчабыз жалпы салыктын 3,3% гана,

-дейт Адылбек Касымалиев.

Ушул тапта салык адистери Кыргызстандын салык системасын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатышат. Жаңы салык кодексин Жогорку Кеңеш апрель айында карашы күтүлүүдө. Адистердин айтуусунда жаңы салык кодекси ишке кирсе ишкердикти өнүктүрүүгө жакшы шарт түзүлөт. Албетте муну убакыт көрсөтөт.

Замира Кожобаева, Бишкек
Ырыспай Абдраимов, Жалалабат
Мира Аманбаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG