Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Орусияда кыргыз жарандарынын мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатышына байланыштуу Жогорку Кеңеш орус Думасына кайрылуу кабыл алды. Бишкекте “Фашизмге, расизмге жана улутчулдукка жол жок” деген аталышта митинг өттү. «Азаттык» үналгысынын “Апта жаңырыгы» түрмөгү берүүсү мына ушул окуяларга арналды.

Жогорку Кеңеш жума күнү Орусияда мыкаачылык менен кыргыз жарандарынын өлтүрүлүп жатышына байланышкан маселени карады. Талкуу учурунда жаңы жылдан бери эле Орусияда 8 кыргыз жараны өлтүрүлгөнү маалымдалып, кыргыз жарандарына кол салуулар күчөгөнүнө тынчсыздануулар айтылды.

Орусияда кыргыз жарандарынын өлтүрүлүшү боюнча парламентте Башкы прокуратура, Тышкы иштер министрилиги, Ички иштер министрилиги, Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилери маалымат беришти.

Алгач башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза ар бир окуя боюнча маалымат берип, орус тартип коргоо органдары кылмышкерлерди табуу жана жазага тартуу боюнча убадаларын бергенин билдирди.

Миграция боюнча комитет башчысы Айгүл Рыскулова жаңы жылдан бери Москва жана Санкт-Петербург шаарларында 8 кыргыз жараны өлтүрүлгөнүн, алардын бешөө мыйзамдуу иштеп жүргөнүн, бирөөсү студент экенин, экөөсү легалсыз жүргөнүн маалымдап, кыргыз эмгек мигранттарынын агымын кыскартуу үчүн өкмөт натыйжалуу чараларды көрүш керектигин белгиледи.



Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Кыдыров кыргыз жарандарына каршы кылмышты саясатка айлантпоо зарылдыгын, бул кылмыштарга байланыштуу эки өлкөнүн тартип коргоо органдары кызматташып, кылмышкерлерди жазага тартууга жетишүүсү максатка ылайыктуу экенин билдирди.

Суроо жооп учурунда баш прокурордун орун басары Сумар Насиза Орусия менен Кыргызстандын укук коргоо органдары тең бул кылмыштар улутчулдүк өңүттө жасалганын четке какпастыгын билдирди:

-Бул кылмыштарга шектелип кармалгандар скинхеддер кыймылынын өкүлдөрү экен. Бирок тергөө аягына чыга электиктен кылмыштын себептери тууралуу мен ишенимдүү айта албайм. Айрымдары ээн баштыктан жасалышы да мүмкүн. Кандай болсо да бул өлтүрүүлөр жеткен мыкаачылык менен жасалган.

Талкуу учурунда кыргыз өкмөтүнүн, Москвадагы кыргыз элчилигинин дарегине катуу сын пикирлер да айтылды. Депутат Улукбек Ормонов мындай окуяга кабылышына кыргыз жарандары өздөрү күнөөлүү деген маалыматка кошулбастыгын, ал туура эместигин белгиледи:

- Биз “Ак жол” фракциясында ушул маселени талкуулаганда, эмнегедир мырза министрлер “аябай сырдуу маалыматы бар экен, жабык өткөрөлү” деп, жабык эшик артында сүйлөшкөнбүз. Көрсө эч кандай сырдуу маалымат жок экен. Бул биздин коркоктугубуз. Ошол маселени ачык айтып, бетке айтып, балдарыбызды союп жаткандыгын экранга айта албагандыгыбыз болгон. Бирок мына бүгүн ачык сөз болуп жатат. Бир дагы Орусиянын жараны Кыргызстанда ушундай киши колдуу болуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эмес. Биз кайрылууда мына ушуну баса белгилеп кетишибиз керек. Орусияда иштеп жаткан балдарыбызды мыкаачылык менен өлтүрүп жатышат. Өткөндө фракцияда сүйлөшкөндө “жалаң гана мыйзамсыз жүргөндөргө тийип жатат, өздөрү күнөөлүү экен, кечинде көчөгө чыгып жатышат” деп айтылган. Мына азыркы справкада жүрөт, студенттердин дагы каза болгону бар. Эгерде Жогорку Кеңешке даярдагандай справка даярдалып, президентке берилген болсо, мен ойлойм президент ал жерде катуу маселе кое албайт. Себеби ал справкада “биздин жарандар кеч курун чыккандыгы үчүн өздөрү күнөөлүү” деп жазылган. Биз “өзүбүз күнөөлүүбүз” деп өзүбүзгө-өзүбүз ушундай баа берип жатабыз.

Депутат Мелис Мырзакматов болсо такырбаштарды Орусия бийлиги колдогондой таасир калтырып жатканын, бул окуялар боюнча жалпы орус коомчулугуна кайрылуу керек деген пикирин айтты:

-Өкмөттүн мүчөлөрүнүн кандайдыр бир маалыматты айткандан башка жарытылуу иш жасабаганы көрүнүп турат. Элчибиз жөнүндө тигиндей маалыматтар болуп жатат. Бардык кыргыз коомчулугун, кыргыз элин мен Орусиянын өкмөтүнө эмес, Орусиянын коомчулугуна кайрылуу жасоого чакырат элем. Ошол такырбаштарды Орусиянын өкмөтү, бийлиги колдогондой бүгүнкү күндө жыт келип жатат.

Айрым депутаттар Райымкул Аттокуровдун Орусияга кантип элчи болуп калганына кызыгышып, аны чакыртып алууну да сунушташты. Депутат Жусуп Жээнбековдун суроосуна жооп берип жатып, Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Кыдыров Райымкул Аттокуров мурда чын эле Орусия жараны болгонун, азыр Кыргызстандын жараны экенин, буга чейин Москвадагы элчиликте кеңешчи болуп иштегенин билдирди.



Депутат Роза Отунбаева Райымкул Аттокуровдун талапкерлиги парламент комитетинен өтүп кеткенине өкүндү:

-Канча адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатса биз бирөөдөн да сурай албайбыз. Коопсуздук кеңеши бул маселени эчак эле карашы керек эле. Кеминде эле элчини чакыртып алышыбыз керек. Андай деңгээлдеги элчинин кереги жок. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албайт.

Төрага Адахан Мадумаров да элчини тандоодо приоритеттер болушу керектигине токтолду:

-Элчини тандап жатканда бизде приоритеттер болуш керек да. Жок дегенде бирөөнүн кабинетине кирип чыга турган бир азамат болушу керек. Мыктынын мыктылары көчөдө калат да, анан эптеп бир айласын тапкандар барып атпайбы ошондой кызматка.

Андан соң Орусиядагы элчини чакыртып алуу сунушу добушка коюлуп, бирок жетиштүү добуш алган жок.

Орусия мамлекеттик Думасына кайрылуу талкууланып жатканда депутат Раиса Сидоренко такырбаштардын күч алуусуна орус бийлигин айыптап, кайрылуу Мамлекеттик Думага эле эмес ШКУ, Парламенттер аралык Ассамблея жана башка уюмдарга багытталыш керектигин айтты:

-Мындай кылмыштар Орусияда акыркы бир-эки жылда эмес, акыркы 10 жылдан бери жасалып келатат. Бирок алар мындай кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактыкалык да, идеологиялык да иш жүргүзгөн жок. Орус бийликтери бардык жарандардын укуктарын коргоорун айтканы менен иш жүзүндө башкача болуп жатат. Бул жерде биз кыргыз жарандарын күнөөлөгөнүбүз туура эмес. Орусия албетте чоң өлкө, бирок Кыргызстан кичинекей болгону менен өлкө ичинде жашаган башка улуттарга толеранттуу мамиле жасаган улуу элибиз бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Мындай мамиледен башка өлкөлөр үлгү алыш керек. Менимче кыргыз жарандарына жасалган мындай мамилеге байланыштуу биз Мамлекеттик думага эле эмес, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу башка эл аралык уюмдарга да кайрылышыбыз керек. Биз бул маселеде өзүбүздүн катуулугубузду көрсөтүп, талап кылганды билишибиз керек.

Талкуу учурунда көпчүлүк депутаттар кайрылуу өтө эле жумшак болуп калганын белгилешсе, депутат Мелис Мырзакматов Орусиянын авиа базасын Кант аба майданынан чыгаруу маселеси коюулуш керектигин айтып чыкты:

-Кайрылуу абдан эле жумшак жазылып калган. Керек болсо Канттагы авиабазасын чыгарууга чейин барыш керек. Биз менен эсептешиш керек алар да. Мына Балтика боюндагы бизден кичинекей мамлекеттер менен Орусия кандай эсептешип жатат. Биз да ошого жеткиришибиз керек.

Мындай сунушту депутат Улукбек Ормонов да колдоп, бул маселеде Орусиядан коркуп, кылчактабай, так баа берилиши керектигине токтолду:

-Биз “Орусия эмне дейт? Мамилени бузуп албайлы” деп корко бербей, так баа беришибиз керек. Бул атайын жасалып жаткан иштер. Депутат Мырзакматов туура айтат. Биз мына Канттагы авиабаза үчүн бир тыйын дагы албайбыз. Орусияны мына ушундай сыйлайбыз. Суусун, жарыгын, бардыгын төлөп берип жатабыз. Экинчиден, биздин өкмөт мүчөлөрү Орусия менен кол коюлган эки тараптуу келишимдердин аткарылышын так талап кылуусу зарыл. Эгерде ошол эки тараптуу келишимдеги биздин ишкерлерге мүмкүнчүлүк берүү маселесин биздин өкмөтүбүз катуу талап кыла алганда, көпчүлүк биздин жарандар Орусиянын атуулдугун алмак эмес.



«Ак жол» фракциясынын дагы бир депутаты Бегалы Наргозуевдин пикиринде да, парламент бул маселеге өтө кеч кайрылып жатат жана кайрылуу да өтө сыпайы даярдалган:

-Биз абдан кечиктик. Мына ушуну сөз кыла баштаганда төрт киши өлтүрүлгөн болчу. Бүгүнкү күндө сегиз киши өлтүрүлдү. Эми эмне дейбиз? Кулчулук психологиясыбы, өксүк комплексиби, айтор Орусиядан коркуп эле жатабыз. “Таарынтып албайлы, мамилени бузуп албайлы” деп. Биз эле кызыкдар эмеспиз да, Орусия деле бизге кызыкдар. Геосаясат боюнча кызыкдар, Кант авиабазасы боюнча кызыкдар. Эмнеге корко беребиз? Жалтаңдап эле турабыз. Ошондон биз эмне жыргап кеттикби? Тескерисинче, өзүңөр көрүп жатасыңар, кечээ тогуз абзацы жалынып-жалбарып, сүйүү арнаган болчу. Бүгүн дагы жакшы, кичине кыскартыптыр, Орусияга алты абзац сүйүүбүздү арнаптырбыз. Бул жерде саясий баа жок. Ошону коркпой эле билдиришибиз керек. Анан ошентип эле жалтаңдап корко берсек, бизди ким сыйлайт?

Ушундай эле пикирдеги депутат Ибрагим Жунусов кайрылууга конкреттүү сунуштар киргизишили керек деп эсептейт:

-Өткөн жумада өкмөт мүчөлөрү ушул жерде сүйлөп жатканда “өзбектерден мынча, тажиктерден мынча өлдү, кыргыздардан жетөө гана өлдү” деп айтып жатышат. Биз мындай салыштырганга акыбыз жок. Кыргызстандын ар бир жараны кайсы жерде жан бербесин, кыргыздын каны акты да ал жерде. Улутчулдар деп жатабыз. Булар жөнүндө Орусия өзү күрөштү кабыл алса, эч ким токтото албайт. Скинхеддер жөнүндө интернетти ачып көрсөңүздөр, эң бай адамдар колдоп жатышат. Кайрылуу өтө жумшак жазылган. Сыпайы жазылган. Алар дагы бизге сыпайы жооп берет. “Сегиз адамыбыз өлдү, алар мындай болуп өлдү, ошолорду териштирип бериңиз, жардам бериңиз” деп кайрылсак, анан бизге алар ошондой жооп берет.

Ошол эле учурда айрым депутаттар кызуулук менен кыргыз-орус мамилесине доо кетирип албоону эскертишти. Талкуу соңунда кайрылууну катуулатуу сунуштары колдоо таппай, тиешелүү комитет сунуштаган долбоор негиз катары кабыл алынды.

Ошентип Жогорку Кеңеш Орусиянын Мамлекеттик Думасына жана Федералдык Кеңешине кайрылуу кабыл алды. Анда соңку учурда орус жеринде улутчул жаштардын кол салууларынан бейажал өлгөн кыргыз жарандары көбөйүп жаткандыгына тынчсыздануу айтылып, кыргыз депутаттары Мамлекеттик Думанын депутаттарын кыргыз мигранттарынын коопсуздугун камсыз кылууга жетиштүү чараларды көрүүгө чакырышкан.



“Фашизмге, расизмге жана улутчулдукка жол жок”

Орусияда кыргыз жарандарынын улутчулдардын колунан каза таап жатышына байланыштуу жума күнү Бишкекте “Фашизмге, расизмге жана улутчулдукка жол жок” деген аталышта митинг өттү. Бир канча бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулган бул иш чаранын катышуучулары алгач “Жеңиш” аянтына чогулуп, экинчи дүйнөлүк согушта фашизмден курман болгондорду эскеришти.

Ошондой эле Орусиядагы улутчулдардын аракетин токтотууга, фашисттик жана расисттик кемсинтүүнүн бардык түрлөрүнө жол бербөө тууралуу Кыргызстандын жана Орусиянын президенттерине кайрылуу кабыл алынды. Кайрылууну иш-чаранын негизги демилгечиси “Тынчтык–маданият жарыгы” коомдук уюмунун жетекчиси Максим Кулешов окуп берди:

- Орусиядагы кыргызстандык жарандардын өлтүрүлүшү боюнча биз терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Кыргыз коомчулугунда бул өлтүрүүлөр расалык чыдамсыздыктын негизинде болуп жатат, деген коркунуч күн санап өсүүдө. Биздин жарандарды өлтүргөндөргө катуу чаралар көрүлүүсүн талап кылабыз.



Кайрылуу ээлери ошондой эле кыргыз жана орус бийликтеринен саясий эрк менен расалык кемсинтүүнүн бардык жолдорун жок кылууга аракеттенүүсүн талап кылышты.

Акциянын катышуучулары андан ары жөө жүрүш менен Алатоо аянтына келип, “Эркиндик” эстелигинин алдында Орусиядагы улутчулдардын колунан каза тапкан бардык кыргызстандык жарандарды эскерүү жөрөлгөсүн жасашты.

Укук коргоочу Бурул Макенбаева бул иш чаранын уюштурулушу боюнча буларды айтат:

- Кыргызстандын жарандары курман болуп жатат. Биз ошого абдан кайгырып жатабыз. Анткени биздин эки мамлекет тең улуттук дискриминацияны жоебуз деген эл аралык милдет алган. Андыктан ар бири өз тараптан, биргелешип, эффективдүү чара көрүш керек. Бул фашизм деген абдан коркунучтуу. Ошондуктан биз мына ушундай кайрылуу киргизип, алардын милдетин эскертип жатабы.

“Фашизмге жол жок” деген аталыштагы иш-чарага «Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы, “Кылым шамы” укук коргоо борбору баштаган бир нече бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жаштар жана студенттер катышты.

Укук коргоочулардын координациялык кеңешинин мүчөсү Сартбай Жайчыбеков мындай көрүнүштөргө бийлик азыртан кийлигишип, аракет кылбаса, арты коркунучтуу болот, деп эсептейт:

- Орусияда иштеп жаткан кыргыз жарандарынын улутчулдар тарабынан өлтүрүлүп жатышын эл абдан жаман кабыл алып, аларга оор тийип жатат. Орусия үчүн фашизм учурунда Кыргызстандын үчтөн бир калкы кыргынга учураган. Азыркы учурда элдин ичинде ушунчалык тетири ой-пикирлер пайда болуп, терс жооп, же болбосо, аракет кылууларга үндөөлөр дагы пайда болуп жатат. Ошону алдын алуу керек.

Иш чаранын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путиндин атына жазылган кайрылуу Бишкектеги орус элчилигинин алдында элчиликтин маалымат катчысы Виктор Харченкого тапшырылды. Орус элчилигинин маалымат катчысы кат өз дарегине жиберилерин билдирди:

- Биз катты алдык, рахмат. Өз дареги боюнча берип жиберебиз, - деди орус элчилигинин маалымат катчысы Виктор Харченко.

Кыргыз эмгек мигранттарынын коопсуздук маселеси кыргыз-орус президенттеринин Москвадагы ушул жумадагы жолугушуусунда да козголгонун кыргыз президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 21-февралда болгон президент Курманбек Бакиев менен Владимир Путиндин көзмө-көз жолугушуусунда эмгек мигранттарынын коопсуздугуна байланыштуу маселе көтөрүлүп, президент Путин орус тарап мигранттардын коопсуздугу үчүн өтө кооптонуп жатканын айтып, буга байланыштуу кылмыштарды тергөө жеке көзөмөлүндө турганын билдирген. Орус президенти ошондой эле кылмышкерлер табылып, жазасын алаарын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG