Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

15:22 Кыргыз-Иран өкмөттөр аралык комиссия 12-14-мартта 9-отурумга чогулат


Иран тышкы иштер министри Манучехр Моттаки менен Кыргызстан каржы министри Тажикан Калимбетованын 22-февралда Бишкекте өткөн жолугушуусунда тараптар ушундай макулдашууга келишти. Иран тышкы иштер министри Бишкекке жасаган эки күндүк расмий сапары учурунда башка бийик жолугушуулардын катарында каржы министри менен да жолугушуп, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашкан. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымат таратты. Кошумчалап койчу жагы, Иран Кыргызстандан металл сыныктарын, электраккумуляторлорун жана жаңгак, жер-жемиш сатып алып, Кыргызстанга аспап, килем, пластмасса сыяктуу буюмдарды сатат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG