Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

«Акыйкат үчүн!» кыймылы негиздеген коомдук парламент өтүп бараткан аптада биринчи отурумуна чогулду. Ошол эле мезгилде юстиция министрлиги коомдук парламент мыйзамга каршы түзүлдү деп билдирди. “Азаттык” үналгысынын “Апта окуясы” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы мына ушул окуяларга арналды. Түрмөктү Бурулкан Сарыгулова даярдады.

16-декабрдагы кезексиз парламенттик шайлоонун тыянактарына нааразы коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү «Акыйкат үчүн!» кыймылын түзүп, кыймыл өз кезегинде коомдук парламентти негиздеди.

Коомдук парламенттин курамында «Атамекен», «Арнамыс», «Асаба», «Таза коом» сыяктуу парламенттик шайлоодо мандатка жетпей калган партиялар, оппозициячыл, чордончул көз караштагы таасирдүү саясатчылар бар. Тагыраак айтканда, анын курамына 49 коомдук-саясий ишмер, 18 коомдук саясий уюм кирди.

Кыймылдын уюштуруу конференциясы өткөн айда кабыл алган жобонун негизинде түзүлгөн коомдук парламент өзүнүн алгачкы отурумунда түзүмүн ачыктап, төрагасын, орун басарын шайлады. Ошентип жаңы түзүлгөн коомдук парламенттин түзүмү кадимки эле парламенттикине түспөлдөш.

Башкача айтканда, коомдук парламент саясий-экономикалык, коопсуздук жана социалдык багыттарды камтыган үч комитеттен жана фракциялардан туруп, аны төрага жана анын орун басары башкарат. Кезектешип башкаруу тартибине ылайык алгачкы төрагалыгына Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын мурдагы төрагасы, «Таза коом» саясий партиясынын лидери Абдыганы Эркебаев, орун басарлыгына «Интербилим» борборунун башчысы Асия Сасыкбаева шайланышты.



Уюштуруучулар коомдук парламентти коомдук-саясий турмуштагы орчундуу маселелерди талдап, мезгил мезгили менен бийликке кеңеш айтып, сунуштарын берип туруучу коомдук уюм катары таанытууда.

Бул жерге келгенде ириде коомдук парламент менен юстиция министрлигинин ортосунда пикир келишпестик пайда болду. Министрлик бейшемби күнү атайын билдирүү таратып, аталган уюмдун мыйзамсыз экендигин баса белгиледи. Бул тууралуу адилет министри Марат Кайыпов «Азаттыкка» берген интервьюсунда буларга токтолду:

-Биринчиден, “парламент” деп ат коюп алып, мамлекеттик органдын функциясын, атын колдонуунун өзү бул биздин элибиздин, шайлоочулардын укугун тебелегендик болот. Экинчиден, буга Конституция жол бербейт. Үчүнчүдөн, элди адаштырып жатпайбы. Башкача айтканда, расмий түрдө бир эле бийлик болуш керек. Мисалы бизде бир гана парламент болуш керек. Анан “параллель дагы бир парламент түзө калдык” деп элдин ниетин кагыштырган бул туура эмес.

Коомдук парламенттин түзүлүшү Конституциянын талаптарына туура келбестигин буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров дагы мурдараак журналисттерге билдиргени бар.



Коомдук парламенттин курамындагы саясатчылар бийликтин мындай дооматын негизсиз, демократиянын баалуулуктарына каршы келет деп четке кагып жатышат. Алардын бири, аталган уюмдун мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов өзүнүн каршылыгын мындайча негиздеди:

-Ошол Марат Кайыповго дагы суроо берем: Бүгүнкү иштеп жаткан парламент мыйзам жолу менен келдиби, же мыйзамсыз жол менен келдиби? Буга дагы эл тараза, муну өзү деле билсе керек. Бирок мен айтышым керек, демократия, базар экономикасын кыргыз эл ойлоп тапкан эмес. Биз дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан процесстерге кошулуп келатабыз. Ошон үчүн демократия дегенде эл бир адамдын акылы менен жашабайт. Улуттун, элдин ичинен чыккан акылдуу, тажрыйбасы көп, интеллектиси жогору адамдар ушул мамлекеттин келечегин чечет. Ошондо абдан эффективдүү жолду табышат. Ушул улуттун акылдары чогулуп, келечегин караган жол менен Америка, Батыш Европа өнүп-өсүп келүүдө. Биз болсо, бир адамдын акылына ишенип, бүгүнкү күнгө чейин эмнеге келдик? Мамлекетибизди бекемдебей, тескерисинче бошотуп жатабыз.

Бирок юстиция министри болсо коомдук башталышта түзүлгөн саясий уюмдар мыйзам боюнча каттоодон өтүүгө милдеттүү экендигин айтууда:

-Расмий түрдө министр катары айтайын, булар бизден каттоодон өткөн эмес, ошон үчүн булар мыйзамга каршы. Буларды жок деп дагы койсок да болот. “Коомдук парламент” деп ошонун атынан сүйлөгөнгө булардын укугу жок. Себеби расмий каттоодон өткөн эмес. Расмий каттоодон өткөн партиянын өкүлдөрү катышып, биз ушундай уюм түздүк деп жатат. Болгондо дагы саясий уюм түздүк деп жатат. Бирок саясий уюм катталышы керек да. Каттоодон өткөндөн кийин гана “мына түздүк” деп жарыялашы керек да.


Мукар Чолпонбаев

Байкоочулардын баамында бийлик атаандаш саясий күчтүн таасири коомчулукта күчөп кетет деп кооптонууда. Коомдук парламентке мүчө партия лидерлери болсо мындай тынчсызданууга негиз жок деп жатышат. Мындай оюн коомдук парламенттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев да билдирди:

-Мындай иштерде компетентсиз экендигин билдирип жатат. Анткени Коомдук парламент дегендин өзү эле коомдук экендигин көрсөтүп жатпайбы. Биздин мыйзамдарда, Конституцияда гана көрсөтүлбөстөн, адам укугу жөнүндөгү эл аралык укуктардын нормаларына ылайык, Кыргызстандын жарандары өздөрүн ой пикирлерин максаттарын кандайдыр бир шарттарда болбосо дагы билдирүүгө укуктуу. Ал эми бул Коомдук парламент ошол Кыргызстандын жарандарынын өз ой-пикирлерин билдирүүнүн бирден-бир жолу жана шарты болуп эсептелет. Анткени бул парламент мамлекеттик орган эмес, ал үчүн эч кандай мыйзам же нормативдик акты кабыл алуунун кереги жок. Бул Коомдук парламенттин чечимдери мыйзамдык акт катары каралбайт. Алар сунуш жана резолюция ирээтинде жүргүзүлөт.

Төрага Адахан Мадумаровдун коомдук парламенттин түзүлүшүн колдобогон пикирин эске албаганда «Ак жол» партиясы көпчүлүктү түзгөн Жогорку Кеңеш коомдук парламентке мамилесин билдире элек.

Парламенттеги азчылыкты түзгөн, өзүн конструктивдүү оппозицияда санаган Социал-демократтар фракциясы калыс көз карашта болуп, көбүрөөк коомдук парламентке ыктап турат. Ошол эле мезгилде талдоочулардын бир кылкасы юстиция министрлигинин билдирүүсү Жогорку Кеңеште коомдук парламенттин ишмердүүлүгүн токтотуу максатында депутаттык демилге чыгышына шарт түзгөндүгүн айтышууда.



Коомдук парламент өз кезегинде парламенттин ишмердүүлүгүнө айрыкча сынчыл мамиледе болуу менен бирге, бийликтин бардык бутактары менен кызматташууга даяр экендигин билдирүүдө. Бул тууралуу «Акыйкат үчүн!» кыймылынын координаторлорунун бири, мурдагы министр Аликбек Жекшенкулов билдирди:

-Бийлик менен кызматташабызбы, кызматташпайбызбы - муну бийлик чечет. Биз болсо даярбыз.

Саясат таануучу Карыбек Байбосунов «Коомдук парламент» же аны түзгөн «Акыйкат үчүн» кыймылынын ишмердүүлүгүнө бут тосуу расмий бийликке кандайдыр бир аброй алып келет деп ойлобойт:

-Булардын негизги максаты “элге айрым демократиялуу идеяларды жеткирели, элге өзүбүздүн сөзүбүздү айталы, чындыкты мүмкүн болушунча божурап берели” деп жатышкан чыгаар. Анан алар антиконституциялык же болбосо, мамлекеттик төңкөрүш даярдап жаткан болсо анда бул башка иш. Бул экстремистик кыймыл болуп калмак. Эми кадимки расмий парламент менен эриш-аркак иштеп кетсе буга эч кандай жолтоо болууга, же болбосо тыюу салууга болбойт. Мунун өзү катачылык.

Анткен менен, көз карандысыз саясий чөйрөдө, эксперттер арасында 24-март окуясына чейин аракеттенген «Акаевге отставка, Эл үчүн реформа!» кыймылы менен 2007-жылдын 16-декабрындагы чукул парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн «Акыйкат үчүн!» кыймылынын окшоштуктары жана айырмачылыктары кадырэсе талкуулардын бирине айланууда. Ошол эле мезгилде «Акыйкат үчүн!» кыймылынын тарапкерлери жалпы окшоштуктар болгону менен, түпкү максатында айырмачылыктар бар экендигин, жаңы уюмдун бийликти күч менен алуу максаты жоктугун айтып жатышат. Алардын бири - Мукар Чолпонбаев:

-Коомдук парламентте андай максат жок. Коомдук парламентте жалпы шайлоого катыша албай калган элдердин, партиялардын ой-пикирин гана билдирүү максаты бар.

Мунун чындыгы бар деген талдоочулар азыркы жаңы кыймыл 2010-жылы болору күтүлүп жаткан кезектеги президенттик шайлоого катышуу дымагы менен аракеттенип жатат дешет. Кезек кайрадан Карыбек Байбосуновдо:

-Албетте “Акаевди – отставкага” жана “Акыйкат үчүн” кыймылдын ортосунда жалпылык бар. Бул жалпылыгы - бийликтин туура эмес аракеттерин, көз көрүнө жасаган бурмалоо иштерин көрүп туруп чыдай албай кыймыл түзүп жиберишти. Айырмасы - бул жолу “азыркы мамлекет башчысы кетсин!”, же болбосо “азыркы бийлик кетсин!” деген чакырыктар жок. Бул кыймыл 2010-жылга карата камылга көрүп жатат. 2010-жылы боло турган шайлоо тең таймашуу жолу менен бир жактуу эмес, эки тараптын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тең укуктуу түрдө өтүп кетсе деген ойлору бар экен. Бул үчүн бул кыймылды кубаттоого болот.

Ошентип, «Акыйкат үчүн!» кыймылдын тутумунда түзүлгөн коомдук парламенттин келерки отуруму март айында өтөрү күтүлүүдө. Анда өлкөнүн түштүк аймагындагы коопсуздук маселеси каралат. Өтүп бараткан аптадагы алгачкы отурумунда коомдук парламент менчиктештирүү маселесин талкуулап, энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршылыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG