Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

ОСКАР СЫЙЛЫГЫ ОЛУТТУУ ТАСМАЛАРГА ДАГЫ БЕРИЛЕТ


Бүгүн Голливудда Оскар сыйлыктары таркатылат. Оскарда көп категориялар бар, биз "даректүү тасма" категориясына токтолсок. Себеби адатта бейкапар оюн-күлкү өкүм сүргөн Голливудда быйыл бул категориядагы беш тасмадан үчөө согуш темасында болуп атат.

Оккупациянын башталышында президент Буш "биз Ирак элине тамак-аш, дары-дармек, башка керектүү нерселерди жана эркиндик алып келебиз", - деп айткан.

Ал эми АКШнын элчиси Барбара Бодин:

-Иракты кайра курууда 500 ката кетириш мүмкүн эле, ал эми туура жүрүштөрдүн эки-үчөөсү гана бар болчу. Биз башында 500 катанын бардыгын кетирээрибизди билбептирбиз, - деп ачуу чындыкты моюнга алат.

"Аягы көрүнбөйт" деп аталган бул фильм быйыл "эң мыкты даректүү тасмага" көрсөтүлгөн АКШнын Ирак жана Ооган согуштарын чагылдырган үч тасманын бири.

Фильмдин режисеру Чарлз Фергусон мурда Вашингтондогу белгилүү Брукингз институтунда улук изилдөөчү болгон. Ал Иракка АКШ басып киргенден кийинки башаламандыкка ушунча таасирленген экен, фильм тартуу үчүн керек болгон 2 миллион долларды өз чөнтөгүнөн чыгарыптыр.

"Аягы көрүнбөйт" тасмасы үчүн ал Ирак согушун пландаган 70тен ашык киши менен маектешкен. Ал тарткан тасма президент Жорж Буштун администрациясы кандайча согуш баштоону чечкендигин жана көптөгөн билермандардын кеп-кеңешин кантип кулактын сыртынан кетиргенин айгинелеген өтө критикалык фильм болуп калды.

Экинчи тасма "Караңгы тарапка баруучу такси". Анда америкалык түрмөдө Дилвар деген ооган жараны айып коюусуз кармалып, кандайча кыйноодон көз жумганы сүрөттөлөт. Ал эми "Үйгө кайтуу операциясы: Согуш тажрыйбасын кагазга түшүрүү" деп аталган үчүнчү тасма согуштан кайткан америкалык аскерлер тарабынан жазылган ырларга, каттарга жана аңгеме-эскерүүлөргө негизделген.

Америкалык универститеттин даректүү тасма боюнча эксперти Патриция Ауфдерхайде АКШнын Фильм академиясынын 6 миң мүчөсү быйылкы добуш берүүдө абийирди бийик туткандыгын белгилеп, жалпы эле документалдуу тасмалардын маанисине мындайча токтолду:

-Адатта кинотеатрга барганда, көрөрман атайын убактысын бөлөт, гезит окугандан айырмаланып, бул тасманы кунт коюп көрүүгө дитин коет. Мындан тышкары, даректүү тасманын өзгөчөлүгү - башка адамдардын башынан өткөндөрдү көрөрман өз башынан өткөргөндөй терең таасирленет.

Быйылкы Оскар салтанатында мындай таасирленүүнү баары эле жабылып колдобосо керек, бирок ал ачуу чындыкты кеңири коомчулукка алып чыгаарында күмөн жок.
XS
SM
MD
LG