Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: СҮРӨТКЕР ЖАНА САЯСАТ


Социализм доорунда коммунизм идеясын мактап-даңктап келген сүрөткердин чыгармалары жаңы коомдук шартта кандай кабылданат? Көркөм дүйнө жараткан инсандын коомдук турмушка, саясатка мамилеси кандай болушу керек? Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде уюштурулган “Азаттык” үналгысынын “Бетме-бет” талкуусуна педагогика илим доктору, жазуучу, адабиятчы Сулайман Рысбаев, адабиятчы, сынчы Садык Алахан, акын, карасөзчү Олжобай Шакир катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: Бүгүн биз Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, жазуучунун коом менен болгон карым-катышы, анын саясий көз карашынын тегерегинде ой жүгүртсөкпү деп турабыз.

Сулайман мырза, сиздин оюңузча, Айтматовдун бийлик менен болгон мамилеси, дегеле анын саясий көз карашы кандай? Эгерде мурда ал коммунисттик идеяны колдоп келсе, кийинки кездери демократиялык идеяны колдоп жатат. Эми бул жалгыз эле Айтматов эмес, совет кезиндеги социализм заманындагы бардык сүрөткерлердин башына түшкөн иш болчу. Эми азыр көпчүлүгү өзүнүн көз карашын, идеясын өзгөртүүгө мажбур болуп жатышат. Сиздин оюңузча, Айтматовдун негизги көз карашы демократиялыкпы же болбосо, коммунисттик бойдон эле калдыбы?

Сулайман Рысбаев: Бул жерде бир жактуу бүтүм чыгарууга кыйын. Айтматов өзү албетте коомдук ишмер, коомдо өзүнүн олуттуу орду бар, көз карашы бар адам. СССР кезинде Коммунисттик партия Айтматовду СССРге тааныткан, чыгармаларына мыкты баа берген, чоң жол ачкан кези болгон. Ошол совет доорунда ал Айтматов болду, дүйнөгө белгилүү болду, чоң-чоң сыйлыктарды алды. Ошол Коммунисттик партия муну Айтматов кылды десек болот да.

Бекташ Шамшиев: Демократиялык доордо Айтматов кандай жазуучу? Мурдагыдай эле Айтматов көпчүлүк сүйүп окуган, чыгармаларын баса калып окуган жазуучу болдубу, же болбосо Айтматовдун доору коммунисттик идея, коммунисттик көз караш менен чектелип калдыбы? Садык мырза сиздин оюңуз кандай?



Садык Алахан: Сиз айтып жатпайсызбы, СССР учурундагы жазуучулардын бардыгы эле ушул коммунисттик бийликти колдоп, анан көз караштарын өзгөртүп жатат деп. Албетте бул эми сиздин бир жактуу оюңуз. Себеби СССрдин учурунда эле ошол улуу державадан ошол коммунисттик идеяны колдобогон үч муун эмигранттар пайда болгон да. Мисалы Буниндер биринчи муун, Киев-Липовдор экинчи муун, согуштан кийин, андан кийин Солженицын баш болгон Аксионовдор. Булар толгон-токой. Алар эч коммунисттик бийликти колдогон эмес. Демек коомдо жашап туруп эле өзүнүн чыгармачылык эркиндигин сактап калган жазуучулар болгон.

Бирок Айтматовдо бул таптакыр башкача. Себеби бул кичинекей улуттун өкүлү болуп калды. Чыңгыз Айтматовго башка жака кетүү жөнүндө ой келген да эмес деп эсептесек болот. Ал эми Солженицын, Аксионовдор чет мамлекетте жүргөндө деле аларды окуй турган өздөрүнүн аудиториясы болду. Миңдеген нуска менен чыгармалар чыгып турду.

Ал эми Айтматовдо коомго ыңгайлашып жашоо зарылчылыгы пайда болду. Бирок Айтматов ошол коммунисттик заман учурда деле эки багыт менен жүрдү. Бирине бири карама-каршы келген Айтматов жашады. Башкача айтканда маектеринде, публицисттикалык чыгармаларында партияны, большевиктерди даңктаган Айтматов, ал эми “Гүлсарат”, “Ак кеме” өңдүү көркөм чыгармаларында бул социалисттик коомду биротоло сынга алган. Андан кийинки чыгармалары деле ошондой.

Эки Айтматов жашап келди. Ал эми кайра куруунун башталышы, кийинки демократиялык коомдун келиши менен Айтматов бир нукка түштү. Башкача айтканда публицист Айтматов менен сүрөткер Айтматов бирикти. Кийинки орустардын бардыгы жамандап жазып жүрүшпөйбү, мисалы Березиндер. Алар акыркы “Тоолор ураганда” романга эң начар чыгарма деген номинацияны беришти. Андай эмес. Ошол акыркы романда Арсен Саманчынын тагдыры менен Айтматов чыгармачыл инсандын тагдыры кандай болгондугун эң сонун берген.



Бекташ Шамшиев: Олжобай мырза, сиздин оюңузча, Айтматов чын эле коммунизм доорунда эки Айтматов болуп келип, азыр бир Айтматов болуп калдыбы?

Олжобай Шакир: Мен акыркы 15-16 жылдагы эле ал кишинин моралдык принцибин айткым келет, ошол эле учурда коомдук ишмердүүлүгүнө токтолсом. Ал киши алп болуп, адамзаттын маселесин көтөрүп, кумурсканын “кылт” эткен дабышын укканы менен улутка чыпалагы да күйгөн жок да. Калыс сөзүн айткан жок.

Ушул 16 жылдын ичинде эки бийлик алмашты. Эки бийликтин бирөөнө кыяпат келтирип, элдин таламын талашып турбаган жагы менен ал киши “улут атасы” деген чоң мүмкүнчүлүктү колунан чыгарып жиберди. Себеби бул кишинин кадамдарына карапайым эл гана эмес, интеллигенциянын өзү ыраазы боло алган жок.

Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда өзүнүн жеке маселесинен дагы чыкпай, трибунага чыкса дагы Люксембургдагы элчиликтин төлөй албай жаткан арендасына чейин түшүп кетти бул киши. Совет убагында деле, кийинки эркиндик келгенден баштап деле ушул улутка болгон бир дөөлөтүнө күйсө, улуттун бир сакталып калышына күйсө, ал кишинин жасай турган аракеттери толтура болчу.

Мүмкүн Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев сыяктуу адамдарды чоң адабий чөйрөгө кошуп кое турган киши ушул эле. Бирок андай эркеч болуп бере алган жок. Акыркы жылдарда кыргыз эли кандай гана кыйынчылык турмушту көргөн жок. Акаев бийлигине дагы, Бакиев бийлигине дагы каш кагып, Кыргызстан эле эмес, Орто Азия элинин деңгээлинде саясат жүргүзүп, түрк тилдүү элдерине дагы жылдыздай жанып берген жок. Бул киши жерге түшө алган жок, алыстагы жылдыздай жерге жарыгын чачыраткан жок.

Бекташ Шамшиев: Сулайман мырза, “көркөм интеллигенция бийликке каршы оппозицияда болуш керек, бийликке сынчыл маанайда, сынчыл мамиледе туруш керек” деген ой айтылып келе жатат. Сиздин оюңузча, мына ушундай милдетти, интеллигенцияга коюлган жүктү Айтматов аркалай алдыбы?



Сулайман Рысбаев: Интеллигенция деген келечектин идеясын алып жүргөн адам болуш керек да. Ошон үчүн интеллигенциянын өкүлдөрү катары көркөм ишмерлер, жазуучулар, албетте булар бийлик менен келишпеш керек. Бийлик бул учурдагы тактикалык маселелер менен көп алпурушат. Саясат менен алпурушат. Саясат деген айрыкча тактикалык жүрүштөр менен иштейт. Саясат булганыч нерсе деген ошол.

Интеллигенция адамдардын келечегин көзөмөлдөп баса турган, элди ээрчите турган идеялар менен куралданган адамдар болуш керек да. Көркөм интеллигенция, жазуучулар бийликке дайыма оппонент болуп жашашы керек болчу. Жалпы баалуулуктар саясий баалуулуктардан жогору болушу керек. Интеллигенция ошондой болушу керек болчу.

Тескерисинче, совет доорунда Айтматов болду дегенибиз менен бул жерде жазуучунун образы, каармандардын образы жатат. Бул эки башка нерсе экен да. Биринчи мугалим кандай азап менен коммунисттик партиянын идеясын таратып, анан мектепти биринчилерден болуп, жанагы балдарды кандай күч менен болсо дагы мектеп ачып, канын-жанын берип жатат. Сейде болсо, өзүнүң эң жакын адамынын башына түшкөн мүшкүлдү ачып берип, бийликке кызмат кылып жатат. Танабай болсо, бийликке каршы туруп жатат. Ушундай жагдайлар менен Айтматовдун өзүнүн жеке адамдык, жазуучулук образы менен каармандарынын образы башка да.

Бул өзү татаал инсан экен да. Ичиндеги дүйнөсү ушунчалык татаал нерсе экен. Муну жөн эле “тигиндей-мындай” деп айтуу кыйын экен. Муну Айтматов таануучулар жазуучунун инсандыгын, анын өзүн изилдеп көрүп айтпаса, муну айтыш кыйын го.

Бекташ Шамшиев: Садык мырза, мына ушул кыргыз көркөм интеллигенция, жазуучулардын, сүрөткерлердин арасында Айтматовго абдан көп кине тагылат. “Ал тигини, муну жасабай койду. Өтө чоң бир улуттук маанидеги максат-милдеттерди Айтматов жакшы аткара албай койду” деген сөз айтылат да. Сиздин оюңузча, мына ушундай сөздүн, ушундай сындын айтылышына Айтматовдун күнөөсү барбы, же коомдук шарт-жагдайдан улам Айтматов ошолорду жасоого мүмкүнчүлүгү келбей жатабы?



Садык Алахан: Сулайман мырза дагы, Олжобай мырза дагы аябай бир жакшы учурларды белиглешти. Башкача айтканда эки Айтматов жөнүндө, анан Айтматовдун мүмкүнчүлүгү болуп туруп эркеч боло албагандыгы тууралуу айтышты. Публицист Айтматов бул камчы чапмай, бийликке жүгүнмөй саясат менен жашады. Эң жаман көрүнүшү бул Майрам Акаевнын китебин “симфония” деп жазып чыкпадыбы. Ушундай Айтматов менен “Гүлсаратты”, “Ак кемени” жараткан Айтматовду катар коюу таптакыр мүмкүн эмес. Кыргыз интеллигенциясынын экинчи Айтматовго нааразы болгондорунун көбүрөөк себеби ушунда.

Жазуучу өзүнүн дегендери, жазгандары, жасаган жумушу менен өзү жем таштап жатат кыргыз интеллигенциясына. Ал эми сүрөткер Айтматов бул кыргызды бүтүндөй дүйнөгө тааныткан Айтматов. Бирок ошол эле кезде бул улуу жазуучу дагы жөнөкөй катардагы адам экенин унутпашыбыз керек да.

Айтматов таануучулар жөнүндө Сулайман мырза айтып кетпедиби. Биздин Айтматов таануучулар аны чексиз сүйүп алышкан. Айтматов жөнүндө жазган Айтматов таануучулардын көзүндө чел кабык бар. Эч нерсени көрүшпөйт. Жакшы-жаманды ажыратпайт.

Ал эми чынында эле Айтматовго деле художник катары мамиле кылышыбыз керек. Эмне үчүн Айтматов “Габриэл Гарсиа Маркестин романын окугандан кийин мен буга чейин тыкыр иштебей жүргөнүмө көзүм жетти” дейт? Чыгармаларында тыкыр иштелбей калган учурлар бар. Эмне үчүн Айтматов таануучулар аны жаза алышпайт?

Бекташ Шамшиев: Эми Олжобай мырза, Айтматов бул жалгыз эле сүрөткер, публицист эмес, Айтматов бул саясатчы катары кандай болду? Айтматов кандай саясатчы?

Олжобай Шакир: Чоң катасы ошол болду да, акыркы 15-16 жылда Акаев бийлигинин табакташы болуп жүрдү. Анан коомго компас болчу киши ушул эле да. Бизде саясий 105 партия бар деп жатпайбызбы. Ушунун таасирине караганда, жалгыз Айтматовдун таасири, айткан сөзү элди бир сестентип, же болбосо элди ээрчите турган көп учуру болду да.

Керек болсо, Айтматовдун эгер улуттук лидери болсо, улуттун атасы болуп бере алса, эл аянтка чыкпай, нааразычылык билдирбей туруп эле ушул кишинин оозу менен эле бардыгын жөнгө салып коюуга болот эле. Бул дагы Шаляпин сыяктуу да. Шаляпинди дагы айтышкан эмеспи, өзүнүн доорундагы жакшы жагы менен жаман жагын айтып отурса, жакшысын бир полка китеп жазса болот, жаманын бир полка китеп кылып жазса болот, депчи. Кыяпат келтирип, бийликке каш кагып, тарс эткен сөзүн айтып кое алган жок. Жумшак мүнөзү бар экен, характер жок экен бул кишиде.



Бекташ Шамшиев: Сулайман мырза, Айтматов жазуучу катары абдан мыкты жазуучу деп жатабыз. Сиздин оюңузча, мурдагы Айтматов менен азыркы Айтматовдун айырмасы барбы?

Сулайман Рысбаев: Албетте азыркы Айтматов бир кыйла өзгөрүп калды. Союз жоюлгандан бери айрым чыгармаларында мурдагы айта албаган жерлеримди айтып калдым деп айрым чыгармаларынын уландысын жазбадыбы. Бирок кантсе дагы Айтматов атуул катары эне тилибизди талашып, бийлик менен инцидент болду. Бир жагынан бийликтин жемин дагы жеп турду. Бул жагынан ал абдан жолдуу жазуучулардын катарына кирет. Бул дүйнөдөгү дагы, СССР кезинде дагы, бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүндө дагы жолдуу адам катары тааныса болот. Азыр “Манасты” окуткандан кийинки эле көлөмдө Айтматовду окутабыз. “Манаска” 60 саат берилсе, Айтматовго 40 көлөмдөгү саат берилген. Мындай саат эч кимге бөлүнгөн эмес.

Бекташ Шамшиев: Садык мырза, эки Айтматов деп жатабыз. Мурдагы социализм кезиндеги, демократия заманындагы Айтматов деп. Негизи сиздин оюңузча Айтматовдун чыгармаларынын баркы азыр башкача болуп калдыбы?

Садык Алахан: Айтматов жалаң мактоолордон улам эле ушундай болуп калды деп айткан жокмун. Анын Кудай берген таланты бар. Биринчи кезекте ошону менен ал бүткүл элдик сүймөнчүлүккө айланган китептерди жазды.

Адамзат тарыхында көркөм чыгарманын тарыхы анын кийинки муунадарга өтүшү бул өзүнчө бир мыйзам ченемге баш ийген нерсе. Себеби кайсы муундун окурманы болсо дагы, мурдагы муундагы калемгерлерди ошол замандын сүрөтүн жараткан сүрөткер катары окуйт. Айтматовдун чыгармаларында ошондой идеялары социалиттик турмушту чагылдырганы менен жалпы гумманисттик идеялар бар чыгармалар да.

Мисалы баланын тагдыры, Жамийланын тагдыры, “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн. Алар жалпы адамзаттык идеяларды алып жүргөн каармандар. Башкача айтканда бирөөнүн сапатын жоюу - бул кайсы коомдо болсо дагы, ак иш деп аталат. Айтматовго биз тархытын бир бүктөмүндөгү чоң картинаны жараткан сүрөткер катары карайбыз. Кийинки муундар дагы ошондой эле карайт.



Бекташ Шамшиев: Олжобай мырза, мурдагы Айтматов, азыркы Айтматов жөнүндө кеп болуп жатат. Сиздин пикириңиз кандай?

Олжобай Шакир: Буга чейин өз арбайын согуп келген Айтматов мындан ары деле ошол эле арбайын сого берет. Бирок 80 жылдык мааракеси болуп жатканда бир улуттук деңгээлдеги, эл аралык болобу, же республикалык деңгээлде фестиваль, конкурстарды жарыялап, адабият, кыргыз тили жаатында, ушул киши чоң масштабдуу түрк тилдердин башын бириктире турган алтын казык болуп бере алса, анда көп нерсесин жууп кетет эле.

Башка катардагы кыргыздар сыяктуу эле ошол 80-жылдыгын маараке, той менен өткөрүп жиберсе, ал анда мындан да чоң катасы болот. Себеби 80 жаштан ары дагы канча жашаары ал белгисиз. Ошондуктан 80-жылдык шылтоосу менен улутка болгон чоң нерсесин жасап, күнөөсүн жууп кетсе, Айтматовду ушул жерде айтып отургандын бардыгы “улуттун атасы” катары тааныйт элек. Улуттун эркечи катары көрөт элек.

Бекташ Шамшиев: Айтматов 80-жылдардын орто ченинде жалпы жамы дүйнөлүк интеллектуалдарды чогултуп, “Ысыккөл шеринеси” деген демилге менен чыккан эле. Сиздер туура белгилеп кеттиңиздер, кийинки кездери бардык түрк ааламын, түрк журттарын бириктирүү, ошолорду жалпы идея, максатка башын кошуу боюнча иштерди жасап жатат. Эми анын канчалык деңгээлде ишке аша турганын мезгил көрсөтөт. Талкууга катышып бергениңиздер үчүн рахмат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG