Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Муса Мураталиев, Москва Москвада мигранттарга кийинки учурда орус улутчул жаштардын кол салуусу күчөдү. Курман болгондор өңү славяндарга окшобогон улут өкүлдөрү болгону менен алардын арасында кыргыз уландардын арбын экенин белгиленүүдө. Расмий маалымат боюнча азыркы тушта Орусияга иш издеп кеткен кыргызстандыктар эсеби 300 миңге жетет, ал эми бейрасмий булактар маалымдаганга караганда Орусияда жүргөн кыргыз атуулдарынын саны 800 миңдин тегерегинде. 22-февралда, Ново-Огаревадагы резиденциясында КМШнын президенттерин кабыл алган орус лидери Владимир Путин кесиптештерине мигранттардын абалын жакшыртуу убадасын берди.

Орусияда, айрыкча анын эки ири калаалары Москва менен Санкт-Петербургда улутчул жаштардын киши өлтүрүүсү январь, февраль айларында болуп көрбөгөндөй өстү.

Айрым байкоочулар мындай маанай өлкөдө бийлик алмашар алдындагы улутчул жааттын көзгө көрүнүп калуу аракети менен «атың чыкпаса жер өрттөө» болуп атышы дейт. Башкалары болсо, Кремль бийлиги муну өзү колдоп, жең ичинен мигранттардын тизгинин тартып коюу үчүн жасалууда деген пикирде. Мындай ойду айткандар бийликтин бул окуяларды токтото албай жатышын бетке кармап атышат.

29-январда кечке жуук скинхеддердин кол салуусунан өзбек жараны курман болгон. Ошол эле күнү кыргызстандык эки жаран Марат Акматов менен Назик Насипова да Шокальский көчөсүндөгү №67 үйдүн алдынан бычак жешип, жигит ошол жерде көз жумуп, Назик жарадар болуп ооруканага түшкөн. Биз ошол кыздын абалын сурап анын апсы Пазылат Насиповага кайрылдык:

-Пазылат эже, балаңыз жакшы болуп калдыбы?

-Кызым түзүк, жакшы. Ким болбосун “балаңыз ак жолтой экен, ошондой жерден тирүү калды” деп жатышат.

-Сиздин баамыңызда бул жердеги кыргыз мигранттардын коопсуздугу кандай боло турган?

-Кыргыздар үчүн аябай коркунучтуу, 22-февралда прокуратурадан Александр телефон чалды. Кечээ да кыргыздарды өлтүрүп кетишиптир, ошолордун сүрөттөрүн тартып калышыптыр, кызыңыз көрүп тааныгандары болсо айтып бере алабы, деп. Мен “кызым эч кимисин тааныбайт” дедим.

Көчөдө кыргыз аял баласы менен келе жатып бизди бычактап ийишпесин деп элеңдеп жаман болуп атат. Биз эртерээк Кыргызстанга кетсек экен дейбиз. Бул жерде бир мүнөт да калгыбыз келбейт. Менин кызым дегеле тургусу келбейт.

Милиция дагы “тогузунчу кыргызды өлтүрүп кетишти, ошолордун арасынан сиздин кыз гана тирүү калды” деп айтып жатат. Эмне деген жакшылык бул? Мына, 29-январда Назикке кол салуу болду. Ошондон бери эле канча кыргыздар өлүп кетти.

Назик менен жүргөн бала Марат 21 жашта экен. Мен ошол күнү телефон менен сүйлөшкөндө Назик “апа, метродон чыктым” деген. Ошол чыккан бойдон кайра үйгө жетпей калып олтурбайбы. “Марат экөөбүз жөн эле сүйлөшүп келе жатсак ушундай болду” дейт.


Кошумчалап кетсек, кыргызстандык мигранттардын ичинен бир эле февраль айында он чакты жигиттин киши колдуу болуп өлүшүнө карабай, Бишкектин «сабырдуулугун» байкоочулар терс баалашууда.

Орус президенти өз мураскорун КМШ өлкө башчыларына тааныштыруу максатта чакырып, 22-февралда бейрасмий жолугушуу өткөргөндө Владимир Путин өлкөдө кишини өңү-түсүнө карап жерүү бар экенин айтты.

Путиндин мамлекеттик сыналгы аркылуу айткан пикири төмөнкүдөй чыкты:

-Кечээ биз кайсы бир кесиптештерибиз менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдүк. Негизинен алардын ар бири КМШнын атуулдары Орусияда кай бир убакта ксенофобиялык көрүнүш бар экенин, алардын өмүрүнө кылмыштуулук менен кол салуу болуп атканын айтышты. Биз буга өкүнөбүз. Ошондой эле биз кылмышкерлердин табылышы, алардын бети ачылып, жазаларын алышы үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Муну менен үзгүлтүксүз күрөшөбүз. Ошону менен катар бардыгыбыз, улутчулдук менен ксенофобиянын пайда болуп жатышына бийликтин миграция маселесин жөнгө салышы түздөн түз байланыштуу экенин жакшы түшүнөбүз.

Бирок байкоочулар бир нече аптадан кийин бийликтен кетип жаткан Путиндин убадасы орундалбай турган кеп экенин айтышат. Ал тургай Кремлге келүүчү жаңы бийлик бул ишти колга алмайын орусиялык улутчул жааттын киши өлтүрүүсү, учурдан пайдаланып атышкандыктан, арта бере тургандыгын айтышат. Андай опурталдуу учур бери жагы бир нече ай, ары жагы жарым жылга созула тургандыгын божомолдошууда.

Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым жана атайын элчиси Раимкул Аттокуров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө, азырынча эки кылмыш иши козголгонун жана 11 киши кармалганын айтып өттү, ошол эле учурда абалдын оңолуп кетерине көзү жете тургандыгын айтты:

-Биз кайрылуу жазгандан соң Москванын ички иштер башкармасы, Орусиянын Ички иштер министрлигинде тергөө иликтөө топтору түзүлгөн. Улуттар арасында кагылыш чыгарган кылмышкерлер боюнча «Скинхед» деген ат менен иш жүргүзүшүдө. Кыргыздын жигиттерине кол салуу болгон жерлерде күзөт жүргүзүү күчөтүлдү. Ошон үчүн ишенич бар. Оңолот.

«Азаттыктын» электрондук дареги аркылуу келген каттар көп болууда. Ал жерде жазылган ойлор кыргыз мигранттар башына келген кыйын кезеңге сарсанаа болуп, ошондой эле жарадар болгон атуулдардын тезинен сакайып кетүүсүн каалагандар арбын. Алардын биринде мындай сөздөр жазылган (орусчадан которулушу) :

Мен Кыргызстандын атуулумун, жашым 23тө, Москвада студентмин. Москвадагы кыргыздарды өлтүрүп кетүү өңдүү окуялар мени кайгыга батырууда. Аларды көрүп туруп жазбай коюу мүмкүн болбой калды. Бычактоолор ушул убакка дейре уланууда. Аны эч ким токтото албай атат. Өлгөн кишилердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү азап! Эмне үчүн? Москвадагы Кыргызстандын элчилиги дипломаттык ыкка салып үн катпайт. Ага кошумча ушунча өз атуулдарын өлтүрүү болуп жатса оор басырыктуулук кылууда. Сөөктү үйгө жибергенге бюджеттен акча бөлүнгөн эмес дейт...
XS
SM
MD
LG