Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

КМШ - КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН КАНДАЙ МААНИГЕ ЭЭ?


Жакында КМШ өлкөлөрүнүн президенттери Москвада бейформал жолугушууга чогулду. Анда белгилүү болгондой эми КМШнын күзгү саммитин Бишкекте өтмөкчү. Анда негизинен транспорт жана байланыш маселелери талкууга алынары айтылууда. Айрым серепчилер көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги деп аталган саясий институт формалдуу түрдө гана иштеген, иш жүзүндө ага мүчө болгон өлкөлөр үчүн эч кандай пайдасы жок орган деген пикирлерин билдирип келишет. Ошол эле учурда КМШнын Кыргызстандын экономикасы, коопсуздугу үчүн мааниси чоң деген пикирлер да бар.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги институту союз урагандан кийин мурдагы мамилени сактап калуу максатында түзүлгөн. Бирок айрым байкоочулардын айтуусунда КМШ түптөлгөндө алдына койгон максаттарынын көпчүлүгүн ишке ашыра албай келет. Чыга калган маселелер негизинен эки тараптуу келишим-сүйлөшүүлөр менен жөндөлүп чечилип жатат.

КМШ түзүлгөндөн бери ага мүчө өлкөлөр ич ара түрдүү келишимдерге кол коюп, кабыл алышкан. Бирок ал келишимдердин ар бир мамлекет үчүн маанилүү болгондору ишке ашпай кала берүүдө. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикири боюнча Кыргызстан үчүн КМШнын мааниси чоң, бирок бир канча маанилүү маселелер боюнча кабыл алынган келишимдер иштебей турат:

-Тилекке каршы канча жылдан бери көп документтер иштебей атат. Анын үстүнө биз, Кыргызстанга керектүү келишимдерди ишке жакшы тарта албай жатабыз, менин оюмча. Мисалы: бажы тоскоолдуктары, транспорт жааты, соода-сатык маселеси боюнча көп келишимдерге кол коюлган, бирок иштебей атат. Ошондой эле миграция боюнча келишимдер да ушундай акыбалда турат.

КМШ эң ириде Кыргызстан үчүн эчнерсе кылып берген жок, ушул кезге чейин жапжакын коңшу мамлекеттер менен көйгөйлөрдү чече албай атабыз, деген пикирлер да жок эмес. Мындай пикир ээлери КМШдан мурун ЕврАзЕС турат. Бул уюмдан Кыргызстанга реалдуу пайда келет, деп санашат. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев КМШга мүчө өлкөлөр ич ара бири-бири менен келише албай жүрүшөт дейт:

-Башындагы түзүлүш шарты, максаты жакшы болчу, бирок чындыгында анын бирөө да ишке ашкан жок, ишке ашышы да мүмкүн эмес. Себеби КМШ өлкөлөрүнүн ичинде өз ара карама-каршылыктар көп. Биз жада калса Өзбекстан менен өз ара маселелерибизди толук чече элекпиз. Мындан тышкары Армения, Азербайжан, Грузия сыяктуу өлкөлөр менен биздин эч кандай экономикалык кызматташтыгыбыз жок. Алардан бизге экономикалык эч кандай пайда-зыян жок.

Экономист Айылчы Сарыбаевдин пикирин так кескен ойду Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаковдон уктук. Ал КМШ алкагында саясий-экономикалык, коопсуздук жаатында бир канча келишимдер алгылыктуу иш алып бара жаткандыгын белгиледи. Коргоо министринин айтуусунда КМШ алкагында абадан кол салуудан коргонуу боюнча чоң программа иштеп жатат, мындан тышкары шериктештикке кирген айрым өлкөлөрдүн ортосунда коопсуздукту биргелешип сактоо боюнча түзүлгөн ОДКБнын эле Кыргызстан үчүн мааниси чоң болууда.

-Ар бир өлкөнүн жетекчилеринин салымы 2005-жылдан кийин жакшырбадыбы. Биз кайра биригип атабыз, кошулуп атабыз. Кайра карым-катышты жакшырталы деп атабыз. Анын ичинде коргоо министрликтери тарабынан да ар бир өлкө менен жакшынакай шарт түзүүгө кадам таштап жатпайбызбы, -дейт коргоо министри Исмаил Исаков.

КМШ органынын келечеги кандай болот деген суроо туулат. Орусиянын азыр тагын тапшырып жаткан президенти Владимир Путин КМШнын беделин кетирбей кармап турду, бирок өнүктүрүп, алдыга жылдырган да жок дейт мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов. Анын айтуусунда Орусияга жаңы президент болот деп күтүлүп жаткан Дмитрий Медведев да бул органды алдыга жылдырууга аракет кылат, бирок көп нерсе КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин позициясынан да көз каранды:

-Локомотив деп коет эмеспи, башында турган Орусия, Казакстан, Украина, Грузия жана Беларус сыяктуу чоң мамлекеттер бар. Бирок булардын ар биринде эки тараптуу мамилелер, буга байланыштуу суроолор көп, өзүңөр билесиңер. Өзгөчө Орусия Украина, Орусия Грузия.. Ар бирөөнүн өзүнчө тышкы саясаты, улуттук кызыкчылыктары бар. Ошондуктан, мен ойлойм саясий эрктен да көз каранды болот, -дейт Аликбек Жекшенкулов.

Серепчилердин белгилөөсү боюнча Кыргызстан өзү мүчө болгон бардык эле уюм, органдарды өз пайдасы үчүн колдоно албай келет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG