Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

14:00 Кылмыштардын бетин ачуу боюнча атайын кеңешме өткөрүлөт


Мындай кеңешменин зарылчылыгы тууралуу бүгүн президент Курманбек Бакиев тиешелүү жыйында белгилеп, коомчулуктун бүйрүн кызытып жаткан чуулгандуу кылмыш иштеринин ачылышын өзгөчө көңүл борборуна алуу зарылчылыгын билдирди. Мамлекет башчысы Панфилов районундагы мектеп окуучусунун өлүмү, Майлысуу шаарындагы балдардын массалык ууланышы, Бишкек машина куруу заводундагы обьекттердин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу иштерди тергелишине кызыкты. Президенттин айтуусунда бул фактылар анын жеке көзөмөлүндө турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG