Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

16:10 Коомдук парламент: Биз үчүн элдин пикири, коомчулуктун кызыкчылыгы жогору


Бул тууралуу бүгүн Коомдук парламент тарабынан таратылган билдирүүдө айтылат. Өткөн жумада Адилет министрлиги Коомдук парламентти легитимсиз, ал мыйзамсыз иш алып барып жатат, Жогорку Кеңешке альтернативдүү парламент түзүп, элдин добушун сыйлабагандыгын көрсөттү деген билдирүүсүн тараткан эле. Коомдук парламенттин ага карата берилген жообунда “легитимдүү” деген сөз элдин бийликке ишеними дегенди түшүндүрөрү, бул сөз “мыйзамдуу” деген маанини бербестиги, демек, кандайдыр бир уюмдун же органдын адилет министрлигинен каттоодон өтпөгөнү анын ишинин мыйзамсыздыгын билдирбей тургандыгы айтылган. Билдирүү ээлери легитимсиз орган деп азыркы Жогорку Кеңешти айтууга болот, анткени БШК тарабынан ушул күнгө чейин 2007-жылдын 16-декабрындагы шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылган жок, деп эсептешет.
Экинчиден Коомдук парламенттин аракетинде элдин башын айландырып, коомчулукту адаштыруучу эч кандай кадамдар жок. Кыргызстандыктар коом үчүн эн олуттуу маселелер жөнүндө кеңири, туура маалымат алууга, алардын тегерегинде болуп жаткан өзгөрүүлөр, чечимдер тууралуу өз учурунда кабардар болууга укугу бар, муну Адилет министрлиги тыюуга акысы жок, деп айтылат билдирүүдө. Мындай маселелердин катарында энергетика тармагын менчиктештирүү, Кыргызстандын аймактарынын Казакстанга жана башка коңшулаш өлкөлөргө сатылышы, кадр саясаты өзгөчө белгиленген. Мындан тышкары Башмыйзамдын 21-беренеси боюнча Коомдук парламент түзүүгө эчким, эчкандай тоскоолдук кыла жана чек кое албасы, Коомдук парламент сыяктуу бирикме түзүү расмий катталууну талап кылбасы белгиленген. Билдирүүнүн аягында Коомдук парламент ачык уюм экендиги, ал жүргүзгөн иштин баары элге көрүнүктүүлүгү айтылып, Коомдук парламент үчүн мамлекеттик аткаминерлердин сынына караганда элдин пикири, коомчулуктун кызыкчылыгы өйдө турары баса белгиленген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG