Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Амирбек Усманов, Прага Казак өкмөтү текшерүүчү мекемелердин орто жана чакан ишкерлерди ашыкча көп текшерүүсүнө мораторий жарыялады. Бийликтин мындай чарага баруусуна текшерүүчүлөрдүн басмачылыгы түрткү болду. Ал эми Евробиримдиктин экономикасы катуу өнүгүп бараткан мүчөсү Чехияда ар бир ишкана орто эсеп менен кеминде беш жылда бир текшерилет. Казакстан менен Чехиядагы ишкерчилик үчүн жагдай кандай?

Казакстанда өткөн жумадан тартып орто жана чакан ишканаларды текшерүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул мораторий текшерүүнүн жаңы тартиби иштелип чыкмайынча сакталат. Азыр Казакстанда ишкерчиликти көзөмөлдөп- контролдоочу 40га жакын мекеме бар. Өкмөттүк жыйында сүйлөгөн президент Назарбаев Бириккен Араб Эмирлигинде жана Сингапурда ишкерлер текшерүү деген бар экенин билишпесин айтып өксүдү.

Казакстандык ишкерлердин айтымында, аларды ашыкча көп түрдүү текшерүүлөр жүдөтөт. Алматы облусунда кирпич чыгарчу эки заводу бар Мухан Мамыйхан уулунун “Азаттыктын” Казак кызматынын кабарчысына айтып турганы:

- Бир күнү экологиялык кызматтан келет, эртеси электрди текшеребиз деп келет. Үчүнчү күнү баланчаднбыз деп келет. Кирпич чыгарчу ишкана өзү жайгашкан дубанга жана аймакка олчойгон киреше, элге думуш берип турат го. Аны эске алышпай эле жеке ишкерлердин капыгындагы акчаны эсептешкени жаман го…

Мындай эсеби жок текшерүүлөр, Казакстандын улуттук тагдыр кыймылынын башчысы Досум Көшүмдүн айтымында, финансылык жана башка органдардын кызматкерлери үчүн акча табуунун бир амалына айланып калгандай :

- Текшерүү – текшерүүчүлөр үчүн пара алуунун, акча топтоонун бир булагы болуп жатат жана анын эң катаал түрү ишканаларды баса калып рейдерлик кылууга айланып калган сыяктуу.

Досум Көшүмдүн сөзүнчө, бул сындуу басмачылык экономикалык өсүүгө кедерги болууда. Бирок ошол эле учурда бизнести текшерүү оптималдуу жолго койулбаса, ишкерлер кирешени жашырып, казына пайда көрбөй калат деп кооптонот серепчи:

-Ишкерлерди текшербесе, мамлекетти алдоо, салык төлөбөө ого бетер күчөп кетиши ыктымал. Натыйжада, элге да, мамлекетке да пайда түшпөйт. Ошон үчүн өкмөттүн бирде текшерүү органдарынын жүгөнүн тартып, бирде ишкерлерди кысмакка алуусу туура эмес. Бул, менимче, мамлекеттин алсыздыгынын бир белгиси.

Дайыма эле такымдап текшерүү зарылбы? Бул суроого жооп бериш үчүн Европа Биримдигине мүчө, экономикасы акыркы жылдары орточо 6 проценттик арыш менен өсүп жаткан Чехияда ишкана- мекемелер кандай текшерилерин карап көрөлү.

Өтө популярдуу “Млада Фронта Днес” гезити жазганга караганда, Чехиянын айрым региондорунда ишканалар фискалдык жана башка органдар тарабынан алты- жети жылда бир ирет текшерилет. “Ырас эле ушундайбы?” деген тейде Прагадагы “EU- Real” ишканасынын директору, теги москвалык Максим Степаненкого кайрылганымда, гезиттин маалыматы туура экенин тастыктап, анын жайын мындай түшүндүрдү: :

- Чехиянын тартиби боюнча, ишкана каалаган учурда, бирок жок дегенде беш жылда бир жолу текшерилиш керек. Асыресе, жүгүртүүдөгү акчасы, же чыгарган продукциясы, же кирешеси кескин көбөйгөн компания көбүрөөк тешерилет. Ишкананын иши жакшы жүрүшүп, чоң акча тапса, салык полициясы бир эле мезгилде эки жакты, шарттуу айтканда, кардар менен сатуучуну кошумча салыкты кандай төлөгөнүн текшерет. Текшерүү өтө сыпаа өтөт. Демейде, эки жума мурда салык инспекциясынан кат келет. Текшерүү салык полициясында же фирмада өтөт.

Максим Степаненконун фирмасы 13 жылдан бери Чехияда кыймылсыз мүлк менен соода кылат. Ошондой эле акыркы төрт жылдан бери турак- жай куруп, эски үйлөрдү оңдоп сатат.

Айыл жериндеги абалды билүү үчүн Чехиянын ортолук бөлүгүндөгү дыйкан чарбалардын биринде төраганын орун басары болуп иштеген таанышым Павел Коуклага телефон кактым. Павел алардын чарбасы качан текшерилгенин жакшы эстей албады:

- Чарба качан текшерилгенин айтуу кыйын. Мен экономисттен сурашым керек. Менимче, бир жылда бир текшеришет. Кошумча салык кандай төлөнгөнү автоматтык трүдө отчет тапшырылганда текшерилип турганы анык. Ачыгын айтсам, бизди качан салык органдары же башкалар текшергени эсимде жок.

Чехияда бизнес үчүн жагдай жалпы Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөгү орточо абалдан жакшыраак экенин “Transperency International” уюмунун 2007- жылкы изилдөөсү да ырастайт. Ошондуктан, тышкы капитал өлкөгө тартынбай келүүдө. Ири долбоорлордон айтсак, жумушчу күчү тартыш экенине карабай, былтыр эле Түштүк Кореянын “Honday” компаниясы автомобиль чыгарчу заводду курууга киришти. Ал эми бул иликтөөбүзгө түрткү болгон Казакстанда тышкы капитал негизинен мунай- газ, тоо кен жана металлургия сыяктуу чийки заттарды өндүрчү тармактарга салынган.
XS
SM
MD
LG