Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

CАНТА КЛАУСТАР ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МЕНЕН БААРЛАШТЫ


Бүгүн 25-февралда «Кыргызстан Санта-Клаустун жергеси» аттуу эл аралык фестиваль жыйынтыкталды. Иш чаранын меймандарын өкмөт башчы Игорь Чудинов кабыл алып, Кыргызстанда Аяз Атанын резиденциясы курулуп, туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Өткөн ишембиде башталган бул фестивалга 10дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты.



Өкмөт башчы менен жолугушууга эки Аяз Ата гана атайын кийимдери менен келишти. Премьер- министр Игорь Чудинов “Кыргызстан-Санта Клаус өлкөсү” аталганы мындай иш-чаралар аркылуу өлкө дүйнөгө таанылмак болду. Бул өтө жагымдуу окуя» деди.

Фестивалдын катышуучуларынын катарында Европадагы Санта-Клаустар конгрессинин президенти Роберт Росланд жана КМШ мамлекеттеринин элдеринде аяздын символу болгон Аяз Ата, Дед Мороз, Кор Бобо жана Хаджи Фируз болду.

Буга чейин иш чаранын алкагында Ала Арча мамлекеттик коругунда Санта-Клаустун келечектеги кышкы үйүнүн орду аныкталып, Аяз Атанын резиденциясы курулмак болду.

Өлкөнүн мамлекеттик туризм агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашевдин айтымында Аяз Ата резиденциясы курулуп бүткөндө Санта Клаус басма сөз борбору иштеп, дүйнө жүзү менен маалыматтык байланыштар түзүлөт.

"Аяз Аталардын жаңы жылды дүйнө жүзү боюнча куттуктоосуна шарт түзөбүз, бул саамалык өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт,"- дейт Турсубек Мамашев.

Фестивалга Орусиянын делегациясын баштап келген Вологда облусунун туризм комитетинин төрагасы Юрий Плехановдун пикиринде Аяз Ата, Дед Морозду 2014- жылы Сочиде өтө турган кышкы олимпиадалык оюндардын эн белгиси кылуу сунушу айтылып, аяз аталар колдоого алышкан.

"Аяз Ата бардык кышкы спорттук оюндардын даярдыгынын башатында туруп, дүйнө жүзүндө кышкы спортту өнүктүрүүгө өбөлгө болушу мүмкүн. Ал эми Орусиянын Аяз Атасы Вологда облусунда жашоосуна Москва мэри Юрий Лужков баш болгон жетекчилер макул болушту. Бизде дагы ушундай аяз аталар фестивалын уюштуралы деген тилек бар."



"Чынында эле Кыргызстан жердин киндиги экени аныкталганы, Аяз Атанын мекени болуп, мындай иш-чаралар дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурат деп күткөн эмес элек”, -деди өкмөт башчы менен жолугушууда Швециянын “Свеко” компаниясынын вице- президенти Эрик Северин.

Европа Санта Клаустар конгресинин президенти Роберт Росланд 2-3 жума мурда Кыргызстанды картадан да таба албай, атын дагы туура эмес айтканын моюнга алып, эми мындан ары бардык Аяз аталар билишээрин кошумчалады.

Роберт Росланд Данияда 53 жылдан бери өткөрүлүп келаткан Санта Клаустар курултайына кыргыз өкмөт башчысын расмий чакырды.

Мурдакы өкмөт башчысы, мамлекетик ишмер Амангелди Муралиевдин пикиринде кээде турмуш жомоктогудай окуяларга туш кылат.

“Кыргызстанды Аяз аталар мекени кылуу аракети дурус, муну менен чет өлкөлүк туристтерди тартууга болот. Анан дагы өлкөдө кышкы спорт базаларын эл аралык деңгээлге жеткирүүгө жана экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылуубуз керек” -деди Амангелди Муралиев.




Фестивалдын алкагында Чолпоната, Каракол шаарларында бир катар иш чаралар өтүп, “Жер шарынын калкына Аязаталардын кайрылуусун” жарыя кылышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG