Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

17:20 Жалалабат облгубернаторунун орун басары Майлысуудагы массалык ууланууга байланыштуу кызматынан алынды


Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун бүгүнкү буйругу менен Жалалабат облгубенаторунун орун басары Камила Талиева кызматынан бошотулду. Камила Талиеваны кызматтан бошотууну Майлысуудагы мектеп окуучуларынын массалык уулануусуна байланыштуу 20-февралда чакырылган өкмөттүк жыйын сунуштаган эле. Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында Майлысуу шаарындагы №5 орто мектептин 70ке чукул окуучусу ашканадагы тамактан ууланып, буга байланыштуу мектеп деректири Сайра Абдуллаева жана шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Таштанбек Кыргызбаев кызматтан алынган. Ал эми Майлысуу шаар мэринин орун басары Зирекан Батырбекованын маселеси шаардык кеңештин отурумунда каралмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG