Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Бүгүнкү күнү үйбүлөсүн таштап чет жерде утурумдук жумуштарда иштеп жүргөн адамдардын 60-70 пайызын аялдар түзөт. Негизинен чет өлкөдө оор шарттарда иштеген кыргыз аялдарынын дээрлик бардыгы төрөй турган курактагы жаш кыз-келиндер. Адистердин, социологдордун болжолунда, абал ушундай улана берсе дагы 10 жыл өткөндөн кийин Кыргызстанда экономикалык көйгөй экинчи орунга түшүп, биринчи орунга демографиялык маселе чыгат. Ошондой эле адистер тиешелүү мамлекеттик мекемелердин бул маселеге кайдыгер мамиле кылып жаткандарына кападар болушууда. Бул тууралуу “Шоокум” журналы өткөргөн Кыргызстандык аял мигранттардын тагдырына байланышкан тегерек үстөлдө сөз болду.

Чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары менен иштешкен адистердин айтымында, азыркы тапта чет жерде утурумдук жумуштарда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын жарымынан көбүн аялдар түзөт. Социологдор мындай тенденциянын көптөн бери азайбай келатканы бара-бара жалпы улуттун коопсуздугуна шек келтирген маселеге айланып баратканын айтышууда. Анткени, кийинки кездерде ымыркайлардын төрөлүүсү кескин азайып кетсе, Орусиянын катаал шарттарда иштеген аялдардын ден-соолугу жабыркап, кыйла кыз-келиндер арак-тамекиге абдан көнүп кеткени айтылууда. Социология илимдеринин кандидаты Топчугүл Шайдуллаеванын пикиринде, бул өз кезегинде генофондго катуу сокку уруп, демографиялык кризиске алып келмекчи:

- Бизде азыр кимдер жүрөт миграцияда? Төрөө убактысындагы аялдар жүрүшпөйбү. Ошону менен бизде балдардын төрөлүшүнө таасир тийгизип атышат. Ушундай солкулдаган, татынакай, эне болчу кыз-келиндер шым кийип алып, оор жүктөрдү көтөрүшүп, шарты жок муздак жерлерде иштеп атышат.

Ошондой эле экономика өнүкмөйүн мээ көчү, жөнөкөй жумушчулардын көчү мындан ары да улана берери, бул табигый процесс экендиги айтылып, тилекке каршы бийлик органдарды маселе ырбап отуруп, жарылганда гана ышкоо көңүл буруп атканы баса белгиленди. Инсандык сапаттарды өнүктүрүү адиси Асылбек Жоодонбековдун айтымында, мигранттардын укуктук сабатсыздыгы да кыйла көйгөй жаратууда:

- Укуктук нормаларга да токтолгум келет. Маселен, эмне үчүн милициядан жапа чегишет. Албетте, милиция документтер туура эмес болсу же жок болсо жабыша калат. Тилекке каршы биздин кетип аткан мигранттардын укуктук сабатсыздыгы дагы чоң маселе.

Москва калаасында бир жылдан ашык иштеп келген Канымгүл Элкееванын айтымында, Орусиядагы мигранттардын жашоосу чындап эле оор. “Бир топ кыргыз кыздарын жумуш берүүчүлөрү ойнош кылып алып, боюнда болуп калгандары көп, алардын көбү өз укуктарын жакшы билбейт”,- дейт ал:

- Мен өз көзүм менен көрүп келдим. Чынында элчилик, консулдук, миграция комитетинин өкүлдөрүнө кайрылуулар жыйынтык бербейт экен көп учурда. Эң көп мигранттарыбыз Москвада болгондуктан биздин элчиликте аз эле адамдар иштейт экен. Миңдеген мигранттарды тейлегенге алар баарыбир жетишпейт экен. Дагы бир маселе, мектепти бүткөп жаш кыздар да барып, өздөрүнүн кожоюндары менен жүрүп кетип, кош бойлуу болуп калган учурлары көп болот экен.

Акыйкатчы институтунун чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоо бөлүмүнүн адиси Айнаш Ашымованын айтымында, чет өлкөдөгү жарадардын укуктарын коргоо Кыргызстан үчүн абдан оор. Анткени, каражат абдан тартыш. Ошол себептүү бул институт келип түшкөн арыздар менен гана иштейт:

- Көбүнчө биз арыздар менен гана иштейбиз. Каражат жок. Биз өз жарандарыбыздын укугун коргоп, көйгөйлүү жерлерге баргыбыз келет. Бирок бара албайбыз, ал эмес райондорго чыга албайбыз.

Тегерек үстөлдү алып барган Бишкек гуманитардык университетинин окутуучусу Венера Акматова, чакырылып, сүйлөшүлгөнүнө карабай Миграция жана жумуштуулук комитетинен эч кимдин келбегенин кайдыгерлик катары баалады:

- Ушул жумуш менен алектенип атабыз деп, жетекчилери кооз интервьюларды берип атышат. Анан, бирөө жарымы келип, акыйкатчынын өкүлү сыяктуу жарандарыбыздын проблемаларын угуп, жооп берип коюшса жакшы болмок. Бул эми кайдыгерлик.
XS
SM
MD
LG