Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Кыргыз өкмөтү менен “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы өткөн жылдын 30-августунда кол койгон мунаса келишимдери жаңы парламент тарабынан жактырылышы кечеңдөөдө. Арада “Ак Жол” фракциясынан Кубанычбек Исабеков менен Алишер Сабиров “Табигый жана жер байлыктарын мамлекетке кайтарып алуу тууралуу” жаңы мыйзам долбоорун даярдап, аны жакын арада кесиптештеринин кароосуна койгону турат.

“Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча 1992-жылкы Башкы келишим шарты өзгөрүлбөй турса ири ишкананы башкаруу толугу менен Кыргызстандын колуна 2007-жылы май айында өтмөк. Ага жетпей, 2003-жылдын соңунда кыргыз өкмөтү канадалык “Камеко” корпорациясы менен “Центерра Голд” компаниясын түзүүгө макулдук берип, жаңы келишимге кол коюп олтурбайбы. Ага ылайык Кыргызстандын кендеги мурдагы 67% үлүшү 33% түшүп, акциялардын теңинен көбүн өкмөт 85 миллион долларга сатып ийген.

Мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин келишимде Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы корголгонун белгилеп, мурдагы парламент алдында бир келген мүмкүндүктү колдон чыгарбоо чакырыгы жоопсуз калган.

- Ушундай уникалдуу момент болуп атканда, Кудай бери жатканда балта менен чаппайлык! Ырыскыбызды балта менен чаппайлык! Убагында бир жолу чапканбыз да! Жетишет!

Бирок да мурдагы эле эмес азыркы партиялык өкмөттүн келишимдерди колдоп коюу жөнүндөгү өтүнүчтөрү суу кечпей туру. 2007-жылкы келишимдин парламенттен өтүшү, Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин ырасташынча, апачык эле тоскоолго учуроодо.

- Кенди тартып алсак эларалык сот биздин эсеп боюнча эң кеминде 1 миллиард доллар айыппул салат да, “ошону төлөп ала бергиле”, деп коет. Экинчиден, кен бизге өткөндөн кийин аны ким башкарат? Тигилердин баары кетет. Өндүрүш негизи жок болот. Бул Кумтөрдү жоготуу менен барабар.

Кен байлыктарды мамлекет колуна кайтарып алуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жаткан Кубанычбек Исабеков буга чейинки келишимдердин текши баары парламент тарабынан жактырылган эмес, ошол себептүү алар мыйзамсыз деп эсептейт.

- Мына А.Атамбаев өкмөт башчы болуп турган кезде кол койгон келишимдердин кээ бир маселелери туура эмес. Айтып өтсөм, эгер ошол келишимди иш жүзүнө ашыра турган болсок, аны мыйзамдуу түрдө кабыл алсак, Н.Танаев кол койгон эки мыйзамсыз келишимди мыйзамдаштырып койгон болот экенбиз.

Маалынан эрте таратылган мурдагы парламентте да “Кумтөр” алтын кенин мамлекет ээлигине кайтарып алуу демилгеси көтөрүлүп, а кездеги депутат Арслан Малиевдин мыйзамы биринчи окууда кабыл алынган. А.Малиев ушу тапта парламенттеги “Кумтөр” боюнча болуп аткан иштер кимдир бирөөлөрдүн шыкагы менен жасалууда деген пикирде. Анын айтуусунда, эгер өкмөт чындап эле алтын кенди кайтарып алгысы келсе эларалык соттук териштирүүгө даяр болушу керек.

- Буларды сотко берет да. Катуу-катуу чыга баштагандан кийин буларды сотко берет. Соттон булардын утушу мүмкүн. Утат деп айта албайм. Мүмкүн. Биз аны аягына жеткиришибиз үчүн алтын кенди коррупцияланган долбоор деп табышыбыз керек. Аны табыш үчүн ошол келишимдерге кол койгон, мына мисалы Н.Танаевди, андан мурдагыларды сотко берип соттошубуз керек.

Парламент депутаты, “Ак Жол” фракциясынын өкүлү Жангороз Каныметов азырынча кесиптештеринин көбүнүн талаштуу маселе тууралуу так түшүнүгү жоктугун айтып, партиялаштар эки анжы ойдо олтурушканын маалымдады.

- Анан чынын айтыш керек, бизге ар башка документтерди алып келишип, аягына чейин толук түшүнбөй жатабыз.

“Ак Жол” партиясынын дагы бир мүчөсү, депутат Кабай Карабеков айрым фракциялаштары канадалык компания бутуна тургузуп койгон ишкананы тартып алуу 1917-жылкы социалисттик революцияны эске саларын айтып, парламенттеги көпчүлүк андай ойдо эместигин ырастады.

- Бул фракциянын ою эмес. Бул парламенттин вице-спикеринин жеке ою.

Канадалык өнөктөштөр менен кыргыз өкмөтүнүн мунаса келишимдерин жакшылап карап, кенен таанышып чыгууга парламент мүчөлөрү бир айдан ашуун убакыт сурашкан. Окуп-үйрөнүү апрель айына чейин созулмакчы. Ал арада К.Исабеков, А.Сабировдун Кыргызстандагы жер, кен байлыктарын мамлекет колуна өткөрүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун тагдыры да чечилип калышы ыктымал.

Айтса, парламенттеги социал-демократтар менен коммунисттер фракциялары А.Атамбаевдин өкмөтү кол койгон келишимдерди колдой турганын билдиришкен. Бирок да алардын добушу аз. Ал эми парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “акжолчулардын” азырынча бирдиктүү позициясы жок. Ошондон айрым байкоочулар жаңы парламентте деле экономикалык проблеманы бучкактаган саясий оюн жүрүп жатканын айтууга өтүштү.
XS
SM
MD
LG