Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНЫН ТАЛАШЫ КАРКЫРАДАБЫ?


Кыргыз-казак чек арасынын делимитациясы 1930-жылдагы документ жана 1961-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарлыгынын негизинде жүргүзүлдү, деп билдирди өкмөттүн аппаратынын аймактык проблемалар боюнча бөлүм башчы Саламат Аламанов. Анын айтымында, бул маселе боюнча айрым саясатчылар коомчулук арасында туура эмес маалыматтарды тараткандыктан, 2003-жылы мурдагы парламент бекитпей койгон. Мурдагы депутат Азимбек Бекназаров болсо чек ара маселесинде кыргыз тараптын кызыкчылыгы сакталбай калган деп сынга алууда.

Саламат Аламановдун билдиргенине караганда, 1997-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек араны мамлекеттик чек аранын деңгээлине өткөрүп эл аралык нормаларга ылайык келтирүү макулдашылган. Эки республиканын өкмөтү атайын делегация түзүп, укуктук негизде делимитация башталган.

-Биз эки мамлекеттин архивин казып, Советтер союзунун мүмкүн болгон архивдерин издеп атып, бир гана эки тараптын тең укуктук номаларына жана эл аралык нормаларга ылайык келген бир гана документти таптык. Бүткүл Россиялык борбордук аткаруу комитетинин президиумунун токтому. Кыргыз жана Казак АССРлеринин чек арасы жөнүндөгү документ экен. Буга Калинин кол койгон. 1930-жылкы документ.

Аламанов белгилегендей кыргыз-казак чек ара сызыгы жалпы жонунан 1241 чакырымды түзөт. Негизинен эки тарап макулдашууларга келип, айрым жерлерди алмаштырууга болот. Мисалы, Каркыра жайлоосундагы 630 гектар жерди Санташка жакын 1100 гектар жерге, Чүй облусунун Ивановка айылынын жанындагы эки май куюучу имерилиштеги казактарга таандык 4 гектар жана Степное айылынын жанындагы 17 гектар, Манас районундагы Новодонецк жериндеги 72 гектар жерди Талас облусундагы казактар ижарага алып иштетип жатышкан 72 гектар жердеги карьерге алмаштыруу каралган, дейт Аламанов.

Ал эми мурдагы депутат Азимбек Бекназаров кыргыз-казак чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын чечими эмне себептен мурдагы парламентте ратификацияланбай калганын мындайча чечмеледи.

-Бул жерде Кыргызстандын кызыкчылыгы каралган эмес. Бир гана Казакстандын кызыкчылыгы каралган. Мисалы, Каркыранын жайлоосун тең бөлүп атат. Ошол казактарга кеткен жерге адыр-тоо таштардан эки эсе көп жер берилди деп коюшкан. Ал Кыргызстанга стратегиялык, экономикалык жактан пайдасы жок жерлер калууда. Ошондой эле Таластагы Маймакты берип коюшкан. Токмокко жакын жердеги 12 км. айланып өтүүчү жерлерди берип коюшкан. Аламанов ошондо бизди казактар мынча жер берди деп ишендире алган эмес.

Аламанов болсо Каркыра мурдатан эле кыргыз-казактын биргелешкен жайлоосу болуп келгенин мурдагы документтер менен байланыштырды.

-Бүгүнкү күндөгү абдан элди чуулдаткан кыргыздын жери Каркыра казактарга өтүп кетиптир дейт. Эми чындап келгенде Каркыра эзелтен бери эки элдин чогуу жайлаган жайлоосу экен. Эми ошол 1930-жылкы токтомдо мындай берилет. «Каркыра, Көкойрок, Челек жана Суусамыр жайлоолору Кыргыз АССРнын жана Казак АССРнын малчыларынын жалпы колдонуусуна ээ» деп жазылган, -деди Саламат Аламанов.

Саламат Аламанов белгилегендей кыргыз-казак чек арасына байланыштуу документке президент кол коюптур, эми ратификация тиешелүү комитеттен өткөндөн кийин парламенттин кароосуна коюлат.

Азыркы парламент депутаттарынан турган комиссия күн жылыгандан кийин Таластагы жана Каркырадагы жерлерди өздөрү көрүп келгенден кийин бул кыргыз-казак чекарасына байланыштуу маселеге кайрыла турган болуп жатышкан.

XS
SM
MD
LG