Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусянын лидерине дүйнөлүк өнүккөн жети мамлекеттер тургундары бир топ сын көз менен карай тургандыгын жакында GlobeScan фирмасы менен Мэриленд университети биргелешип өткөргөн сурамжылоолор тактаган. Улуу Британия, Франция, Алмания, Италия, Жапон, АКШ жана Канада атуулдарынын жарымынан көбү же 56 пайызы Орусиядагы демократияга жана адам укуктарынын абалына Владимир Путин терс таасир этти дешкен. Сурамжылоого катышкандардын төрттөн бири гана Путиндин ролун оң баалашкан. Ошол эле учурда Кытайдын шаар тургундарынын төрттөн үчү Владимир Путиндин таасирин оң баалашып, ал орусиялыктардын жашоо тиричилигин оңдоп атат дешкен.

Сурамжылоону Би-би-си кызматынын сунушу менен Мэриленд университети жана GloblScan фирмасы кеткен жылдын акыркы жана быйылкы жылдын башкы айларында жүргүзүшкөн. Ага 31 мамлекеттен баш-аягы 16 миң киши катышкан. Жыйынтыгында орус лидер Путиндин ишкердигине карата болгон баа ар башка чыккан. Дүйнөдө өнөр жайы өнүккөн жети ири мамлекеттер атуулдары ага терс баа беришсе, ал өнөктүккө кошулбаган мамлекеттер атуулдары оң баа беришкен.

Орусиянын ички саясатын жүргүзүүдө Путин өз элинин турмушунда адам укугун коргоону таштап салды, демократиялык жолдон чыкты деген шаанидеги жоопту Чоң жетиге кирген өлкөлөр тургундарынын 56 пайызы айткан. 26 пайыз жарандары Владимир Путин бийликте турганы Орусиянын баркын көтөрдү дешкен.

Жер жүзүндө коопсуздук менен тынчтыкты сактоону Путин иритип атат дешкендер эсеби 47 пайызга жеткен, анын бул багытта жүргүзгөн саясаты дурус эле дегендер эсеби 38 пайызды түзгөн. Баса, Орусиялык жетекчи ушул айдын ортосунда журналисттер менен болгон жолугушуу үстүндө 8 жылдык ишинин жемиштүү болгонун белгилеген эле:

«Мен кандайдыр бир олуттуу жолубуз болбой калууну көрбөйм, алдыга коюлган максатыбыз ишке ашты, тапшырма толук аткарылды» - деген эле Владимир Путин.

Жыйынтыктай келип, Орусиянын азыркы учурда дүйнөгө тийгизип аткан таасирине өткөн жеринде сурамжылоого катышкандардын 44 пайызы тетири болууда деп, 30 пайызы оң болууда деп жооп беришкен. Мындай жооптор Чоң жетиге мүчө өлкөлөр: Алмания, АКШ, Улуу Британия, Жапон, Италия, Канада жана Франция атуулдарынан түшкөн.

Бул катарга кирбеген мамлекеттер тургундарынын жообу такыр башкача чыккан. Маселен, сурамжылоого катышкан кытайлардын 70 пайызы орусиялыктардын турмушун оңоо үчүн Путин кыйла салым кошту дешкен.

Орусиянын дүйнөдөгү ролун эң жогору баалаган Мисир болгон. Ал өлкө тургундарынын 78 пайызы ушундай баа беришкен. Орусиянын дүйнөдөгү ордун өтө опурталдуу деп баалагандар Алмания, Италия жана Израил болушкан.

Орусиянын өзүдө болсо Владимир Путиндин ишкердигине дегинкиси ыраазы экенин билдиришкен. Анын ички жана тышкы саясатын жогору баалагандар эсеби 86 пайызга чукулдап барган. Демократиялык баалуулуктуу чыңдап атат дегендер эсеби 64 пайызга жеткен.
XS
SM
MD
LG