Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

7:48 Кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Анын айтымында, тараптар азыр тоо кыркалары аркылуу кеткен чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул иш өрөөндүү аймактарга келгенде эки тараптын ортосунда талаштуу маселелер чыгышы мүмкүн. Буга чейин жалпы узундугу 970 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин 480 чакырымдайы такталган. Айрым талдоочулар эки өлкөнүн кошуналаш Баткен жана Согду облустарындагы чек ара тилкелелери өтө чырмалашып кеткендиктен аны тактоо иштери бир топ кыйынга тураарын белгилеп келишет.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG