Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ИРАНДЫ ЖАЗАЛАГАНГА “СОЮЛ КАМДООДО”


Амирбек Усманов, Прага Дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө беш өлкөнүн жана Германиянын мартабалуу дипломаттары Иранга каршы колдонулчу үчүнчү санкцияны талкууламакчы. Талкууга Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик-МАГАТЭнин 22-февралдагы доклады негиз болот. Докладда Иран мурда жашыруун болгон көп сырларды ачканы менен, уранды байытуу иштерин биротоло токтотту деген кепилдик берилбейт. АКШ узактан бери Иран атомдук бомбанын үстүнөн жашыруун иштөөдө деп шектенип жүрөт.

МАГАТЭнин докладына караганда, Иран өкмөтү БУУнун талабына карабастан, уранды байытууга зарыл центрифуганы сыноону токтоткон эмес. Бомбаны сыноо, анын тумшугун жасоо иштерин жашыруун координациялоодо деген ырастоону да жоопсуз калтырган. Бирок Иран бийликтери эларалык инспекторлорго мурда жабык жайларды көрсөткөн.

Докладды Тегеран өз жеңиши катары баалады. Президент Махмуд Ахмединежад ишемби күнү улуттук телеканалдан сүйлөп, БУУнун Коопсуздук Кеңеши санкция кабыл алчу болсо, Иран тиешелүү жообун берерин эскертти:

-Алар (батыштыктар) кысым жасоону уланта беришсе, Иран эли бул (ядролук) маселеде алар менен башкача сүйлөшөт. Биз тийиштүү чараны иштеп чыкканбыз.

Адис- эксперттер МАГАТЭнин доклады Иранда ядролук программасы жок деп кепил өтпөгөнүнө көңүл бурушту. Стокольм университетинин профессору, теги ирандык Саед Махмудинин айтымында Эл-Барадейинин докладынын эң маанилүү табылгасы же жыйынтыгы бул: Агенттик Иранда аскерий программасы жок деп кепил өтө алган эмес.

"Менин пикиримче, муну майрамдаганга негиз жок",-дейт Саед Махмуди.

Эл- Барадейи- МАГАТЭнин башкы директору.
АКШ болсо МАГАТЭнин доклады БУУда Иранга каршы үчүнчү ирет санкция киргизүүгө толук негиз бар экенин тастыктады деп эсептейт. Бул жөнүндө апта соңунда Мамкатчы Кондолиза Райстын айтканы:

- Бул доклад ирандыктар өткөндөгү айрым эоементтерден тазалануу үчүн бир нерселерди жасамак болуп жатканын айгинеледи. Бул жетишсиз. Алардын азыркы жана мурдакы иштери- баарыбызды чочулатат. Иран келечектеиошол изилдөөлөргө таянып, ядролук куралды жасоого зарыл мыкты технологияга ээ болот.

Сүргүндөгү ирандык оппозициячыл топ Тегерандын жанындагы Кожир деген жерде ядролук бомбанын тумшугун жасоо боюнча жашыруун иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул топ 2003- жылы Натанздагы ядролук борбор жөнүндө биринчи айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG