Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ КАРЫЗЫ 3, 5 МИЛЛИАРДБЫ?


“Аалам” гезитинин бүгүн жарык көргөн санына Бишкек экономикалык анализ борборунун деректири Сапар Орозбаковдун “донорлор берген 3,5 миллиард доллар кайда кетти?” деген макаласы жарыяланды.

Автор аталган макаласында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери чет өлкөлөрдөн 2 миллиард доллар жардам алган деп так эмес маалымат таратылып жүргөнүн, 2005-жылдын 24-март окуясынан кийин тыштан алынган карыздарды текшерип чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, ага өзү да мүчө болуп, ошондо Кыргызстандан тыштан алган жардамы 3,5 миллиарддан кем болбогонун көргөнүн, буга мамлекеттик эмес ишканалар өзүлөрү алган дагы 1 миллиард доллар кошулбай тургандыгын белгилеп, маселен 92-93-жылдары Кыргызстан Орусиядан жалпы суммасы 130 миллион доллар турган товар алганын, азыр ал проценти менен 200 миллион долларга жеткенин, кыскасы өз өлкөсү үчүн өзү баш оорутпаган Кыргыз өкмөтүнүн экономикасын 15 жылдан бери эларалык финансы уюмдары башкарып, Кыргызстандын экономикалык саясаты ийне-жибине чейин ошолордун офистеринде жасалып туруп, анан кыргыз турмушуна киргизилип келатканын, өкмөт болсо ошол эларалык уюмдардын айтканын гана ишке ашырып, техникалык милдеттерди аткаруучу органга айланып калганын баяндады экономист Сапар Орозбаков.

Ушул эле гезиттин аналитиги Үсөн Касыбеков Бакиевдин РИА “Новости” агенттигине берген интервьюсунун өзөгүнө үңүлүп, кыргыз бийлиги ачыктан ачык АКШдан боюн обочолотуп, Россиянын геосаясый протекциясына өтө баштаганын, анын этегин кармап саясат жүргүзүүнү көздөп турганын жаземдебей көрүүгө болорун, ошентип Акүй баштапкы улуу державалардын баарына бирдей мамиле кылуу, баарына бирдей жагуу, тактап айтканда геосаясый көп вектордуу ийкем маневр жасоо амалынан баш тарткан түрү барын, ошентип мындан кийин Кыргызстанды Акаев тушундагы “эпчил козу эки эмет” саясатынан четке кагылды деп түшүнсө туура болорун жиликтеп жазып чыкты.

Гезит булардан тышкары азыркы күндө чыныгы дипломатиялык адистиги барлар четте калып, кайдагы бир немелердин элчи болуп дайындалып жатканына ЖК төрагасы А. Мадумаров нааразы болгонун, 1-апрелден тартып, эгер Бишкек шаар Кеңеши макулдугун берсе шаар ичиндеги жолкире кыбаттап, маршруттук таксилер-7 сом, автобустар-5 сом, ал эми кечки саат 9дан түнкү 11ге чейин 10 сом болорун кабарлады.

“Де-факто” гезитинин өткөн санында азыркы өкмөт башчысы Игорь Чудинов өзүнүн “БЭК” деп аталган жеке фирмасы аркылуу Өзбекстандан сатылып алынып келаткан газды кантип “ичип-жеп” жатканы жөнүндө айтып интервью берген “Кыргызгаз” ишканасынын мурдагы инженери Керимбек Сарбашев бүгүнкү санына “Чудиновдун жеке фирмасы өзбек газын сатууну улантууда” деген темада кайрадан интервью берди. Ал мындай дейт:

- 21-февралда чыккан маегибизден кийин тынч жашоо менен коштоштум. Коркутуп-үркүткөндөргө айтып койойун. Мен силерден корко турган адам эмесмин. Мен деген Алайлык болом. Чудиновдогу жүрөк менде деле бар.

Керимбек мырза баарлашуусунда “БЭК” деп аталган фирманын ордуна “Ресурсэнергоуниверсал” деген фирма ачылганын, фирма жаңырган жылдын январь айында эле 8 миллион куб газды ишканаларга сатканын, жыл аягына чейин 90-100 миллион куб газ сатарын, муну “Кыргызгаз” ишканасынын азыркы деректири Саламат Айтикеев жасап жатканын, ал Чудиновдун куйругу болорун, газды кандай амалдар менен “ичип-жеп” келатканын ушу кезде 4-5 гана киши билерин, өзбектер берген лимитти алалбай калдык деп алдап туруп, газды казактардын бир фирмасына сатып ийип пайда тапкан учурлар бар экенин айтып чыкты.

Гезит ошондой эле эл аралык “Көкбөрү” федерациясынын баш катчысы Б.Шерниязовго АКШдан ырасмий чакыруу келгенин, ал чакырууда быйылкы көкбөрү оюнун Америка өзү уюштуруп, алты штатында кыргыз көкбөрүсүнүн Көк туусу желбирерин сүйүнчүлөп, экс-президент Аскар Акаевдин жакын шакирттеринин бири Кубанычбек Жумалиевдин ушу кезде эмне кылып жаткандыгына кызыгып, жана бир экс Осмонакун Ибраимовдун “Аскар Акаев. Либералдын оптимисттик трагедиясы” аттуу макаласын окурмандарына орус тилинде тартуу кылды.

“Агым” гезити Тышкы иштер министри Э.Карабаев Кыргызстандын Кытайдагы элчисине 100 миң долларлык “Мерседес” автоунаасын мамлекеттин эсебинен сатып бергенин, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аттокуров дипломатиялык алкакта иштей албай Маскөөдө уят болгону улам көбүрөөк айтылып, алтургай ал Орусия жараны деген сөздөр айтыла баштаганын, Екатеринбургдагы консул Орозбаевдин жакындары баңгизат зат менен орус коопсуздук кызматы тарабынан кармалып сурак берип жатканын, ушу тапта Кыргызстанда коррупциялашпаган бир дагы мамлекеттик түзүлүш калбаганын, алардын алдыңкы сабын КР айылсуучарба жана кайра иштетүү, Билим жана илим, Саламаттыкты сактоо, Энергетика жана отун ресурстары, Транспорт жана коммуникация, Ички иштер министрликтери жана айыл өкмөттөрү баштап баратканын маалымдады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG