Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

10:16 Максим Кулешов: Балдар эмгегин пайдаланууга укугубуз жок


“Тынчтык – маданият жарыгы” коомдук уюмунун жетекчиси тараткан билдирүүдө жазылгандай, Бишкек шаар мэри ишембиликте мектеп окуучуларынын эмгегин колдонууга акысы жок. Балдар Конвенция, Балдар Кодекси менен корголгон. Аларды шаарды тазалоо иштерине иштетүү үчүн мэр Данияр Үсөнов эң алды ата-энесинен уруксат алып, балдардын өзү менен келишим түзүп, мектеп окуучуларын тиешелүү кийим, эмгек шаймандары менен жабдууга тийиш, ал эми Шаардык мэрия иш учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоосу керек, деп айтылат анда. Максим Кулешов балдардын укугун коргоо үчүн иш-чараларды уюштурууну убада кылууда, анын айтуусунда балдардын эмгегин бекер пайдаланган Советтер Союзу жоктугун белгилеп, Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновду көп учурда адам укугуна каршы келген аракеттердин демилгечиси болуп жүрөт, деп жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG