Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

11:55 Бишкекте 570 гектар жер ижарада турат


Аны миллиондон ашуун калкы бар борбор калаанын эки миңден ашуун гана жараны иштетет. Бүгүнкү күнгө чейин шаардык мэрия менен жеке адамдардын ортосунда 2216 келишим жерди 5 жылдык жана 49 жылдык мөөнөткө ижарага иштетүү үчүн түзүлгөн. Өткөн жылы шаардагы жерлердин ижара акысы катары 72,3 млн сом чогулган, ал эми быйылкы жылдын январь айына карата ижарачылардын карызы 25 млн сомду түзөт, деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы. Маалыматта айтылгандай, шаардык кеңештин токтому менен үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта ижара акысы 12 эсеге көтөрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG