Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

12:32 Ишкерлердин 80 пайызы көмүскө иштегендер


Мындай пикирин “Азаттыкка” бизнес ассоциациялар конгрессинин аткаруучу директору Чынара Сейитакматова билдирди. “Расмий маалыматтар боюнча көмүскө экономика 50 пайыздан ашык делет. Бирок чыныгы сандар мындан алда канча жогору. Ушул тапта ишкерлердин 80 пайызы көмүскө иштегендер. Кошумча нарк салыгы жана социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү азайтылбаса, бул проблема чечилбейт. Дээрлик бардык ишкерлер салык кодексинин жаңы долбоорунда ал салыктардын өлчөмү азайтылат деп күтүп жатышат”,-дейт Чынара Сейитакматова. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG