Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

13:15 Ош ТЭЦине Казакстандан мазут жеткириле баштады


“Электр станциялары” АКнун маалыматы боюнча Ош шаардык ТЭЦине Казакстандын Чимкент шаарынан 660 тонна мазут жеткирилди. Мындай чечим кабыл алууга Ош ТЭЦин мазут менен камсыздап турган Жалалабат нефть иштетүүчү заводу ишин аткара албагандыгы себеп болуп, үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Чимкенттен мазут жеткирүү тууралуу казак тарап менен келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күнү Ош ТЭЦи шаарды жылуулук менен камсыз кылуунун үстүндө, ТЭЦтин мештеринде жылытылган суунун температурасы 510 түзөт, ал эми запаста 1300 тонна мазут бар, деп кабарлайт маалымат кызматы. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ош ТЭЦи кычыраган кышкы суукта отундун жоктугунан улам иштебей тургандыгын белгилеп, энергетика, отун, суу ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун дарегине сын пикирлерин билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG