Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

УРМАТ БАРКТАБАСОВ: АЗЫРКЫ БИЙЛИК МЕНЕН ЖОЛУМ БИРГЕ ЭМЕС


Маектешкен Гүлайым Ашакеева, Бишкек Урмат Барктабасов 2005-жылдын жай айларында төңкөрүш жолу менен Акүйдү басып алмакчы болгон деп айыпталып, кылмыш иши ачылгандан бери Кыргызстандан сырткары жашап келатат. Жакында бир катар маалымат каражаттары У. Барктабасовго кыргыз бийлигинен сунуш болуптур, ал бир чоң кызматка кайтып келет экен деген маалыматты таратышты. Бул сөздүн чын-төгүнүн аныктоо үчүн кабарчыбыз Гүлайым Ашакеева аны менен интернет аркылуу байланышып маектешип, анын өзү жөнүндө жана Кыргызстандагы окуяларга карата көз карашын сураган. Урмат Барктабасов кайсыл өлкөдө жашап жатканын өзүнүн коопсуздугу үчүн ачык айткан эмес.

- Кыргыз коомчулугу сиздин эмне иш менен алектенип жатканыңызга кызыкдар. Сиз үчүн алыста жүрүү кандай болуп жатат, өз мекениңизди сагынып деле калсаңыз керек?

- Элимден айланайын, элимден кагылайын, элимден тегеренип кетейин. Албетте сагындым. Кантип эле сагынбайын. Асманды ак чокусу менен тиреген Алатоомду сагындым, Ысыккөлүмдү, шар аккан Нарындын суусун, бардыгыңарды сагындым. Колумдан келсе, азыр мекениме жөө жөнөп кетчүдөй эле болуп турам, бирок айла канча.

Биринчиден, Кыргызстанда бийликте турган адамдар кийиргиси келбей отурат. Экинчиден, андан башка кызганып отурган адамдар болуп атат, мени келбей эле койсо экен деп. Мындайча айтканда элимдин курсагын тойгузгудай иштерди жасап, эгер элим ишеним көрсөтсө кызмат өтөп бергенге дайыма даярбыз.

- Кыргызстандагы айрым ММК сизди жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматка келет деген маалыматты таратууда. Ушул сөздүн чын-төгүнү тууралуу айтып берсеңиз?

- Эгер менин максатым бийлик кызматы менен эле чектелсе, президент, премьер-министр, же депутат болом десем, анда бийликтин ортого түшкөн адамдарына макул болуп, эбак Акүйгө барып отуруп, элдин токочун жеп, көзүмдү май басып, эч кимди, Кудайды да тааныбай отурган кезим болот эле.

Бирок бүгүнкү күндө биздин жүрөгүбүздү өйкөп аткан нерселер бар. Бул биздин Кыргызстанды кантип Азиянын асман тиреген мамлекетке айлантса болот, адашкан элибизди кантип туура жолго салабыз, материалдашып калган адамдарды кантип түз нукка бурабыз, жанагы добуштарын, денесин саткан адамдарга ички руханий байлыкты кантип беребиз деген нерселердин баарын ойлоп отурабыз.

Мына бүгүнкү күндө элде чоң нааразылык пайда болуп отурат. Мисалы, оппозиция, позиция деп отуруп эл эмне болду. Эл чоң үмүт менен жашап атат, кайсы багытта, кайсы жол менен кетебиз деп. Ар бир чыккынчылык эл үчүн төшкө сайган бычактай болуп отурат. Мен элимдин ишеничилигин эч качан, партиямда, артымда бир адам калса дагы мен сатпайм. Мен өзүмдүн мекендештеримдин ишенимин сатпайм. Бүгүнкү бийлик менен иштебейм. Менин принциптерим башка. Менин принцибим Мекенди, кыргыз элин көтөрүү. Башка принцип жок менде.

- Сиздин оюңузча Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсү кандай нукта болот. Жергиликтүү серепчилердин айтуусу боюнча, эл акыркы окуялардан кийин оппозицияга дагы, бийлик тарапка дагы ишенбей калгандай сезилет?

- Азыркы турган турпаты менен биз өнүкмөк турмак чөгүп кетебиз. Эгер кыргыз эли алты кылымдан бери башынан өткөн, андан кийинки 17-жылдан бери болуп келаткан окуялардан туура сабак алса, анда кыргыздар өнүгөт. Ошондо дагы ойлонуп туруп, кыргыз эли "түндүк, түштүк, көлдүк, чүйлүк" деп шайлабай, акыл менен шайлаш керек. Байыйбыз дегендер эмес, элге кызмат кылам, мекенимди, элимди даңазалайм, көтөрөм деген адамдар келиш керек. Эгер акыл менен шайласа баардыгы орду-ордуна турат, калыстык болот. Мына ошондо өнүгүү жолуна түшөбүз. Ошондо иш билги адамдар келет бийликке. Жөнөкөй көчөдө айкырган, революция жасаган адамдар эмес, акылман, экономиканы, саясатты, геополитиканы билген адамдар келет. Мына ошондо биздин мамлекетте өнүгүү жолу болот, ага чейин эч качан өнүкпөйбүз.

- Урмат мырза, эмне иш менен алектенип жатканыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Жеке иштерим деле жок, жалаң кыргыз элимдин курсагын кантип тойгузам деген гана ой болуп турат. Бир күнү жакшылык орносо, ушунча жылдан бери жүргөн өзүбүздүн эмгегибизди кыргыз элибизге тартуулап берсек деген чоң тилегим бар. Анын бири, илгерки кыргыздын ата-бабабыздан калган мурасы эмне, ошонун пайдасы эмне, ошону кандай табышмак менен таштап кеткен экен деп кубалап отурсак, көрсө кыргыздын оймосунда, ак калпагында, чиймелеринде, боз үй жасалгасында чоң табышмак кылып ата-бабабыз таштап кеткен баасы теңдешсиз нарк-мурастар бар экен. Эгер ошолордун баарын колдонсок, бул өтө чоң байлык экен.

Мына квантовая механика, термодинамика, биохимия, генная инженерия, биофизика, молекулярная биология деген тармактар бар, ошонун баары кыргыздын азыр мен айтып кеткен нерселерде жаткан экен. Ушул боюнча чоң илимий иштердин үстүндө иштеп атабыз, аны да Кудай буюрса бүтүрөбүз го деген ой бар.

Экинчиден, кыргыздар жалаң ооз эки философия жүргүзгөнүн изилдеп отурсак, көрсө ошолордун баарында акыл жаткан экен. Ал акылдын табышмагын тапсакпы, жандырсакпы деп кубалап отурсак, көрсө ошол табышмактуу нерселердин баарында акыл жаткан экен. Бул такыр түгөнбөгөн чексиз казына. Акылдын артында байлык жатат. Байлыктын эки түрү бар: руханий байлык жана материалдык байлык. Мына ушуну менен кыргыздын адам баласы байып, ички жана сырткы дүйнөсү толуп, Азиянын асманын тиреген мамлекетке өтүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экен. Эгер ушул биздин кыргыздардын күчү биримдикте, акылмандыкта, данышмандыкта болсо, анда бүгүнкү күндө кыргыз элине эч ким туруштук бере албайт, келечекте да ошондой болот. Себеби бул жерде абдан чоң нерселер жаткан экен. Кыргыз келечеги чоң болушу үчүн кыргыздын тарыхын, каада-салтын көтөрүшүбүз керек, кыргыз тилин үйрөнүш керек.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG