Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

МУРАТ ЖУРАЕВ: ЧЕГАРА ТАЛАШЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНДА ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТАТ


Өкмөт өкүлүнүн маалыматына караганда кыргыз-казак чегарасы делимитациялоо соңуна чыгып калды. Ошол эле мезгилде эки тараптуу макулдашууну кыргыз парламенти ратификациялай элек. Өткөн парламент Кыргызстандын кызыкчылыгында болбой калган деп чегара жөнүндө макулдашууга караманча эле каршы болуп койгон. Мына ушул маселе боюнча “Азаттык” Жогорку Кеңештин мурдакы да, азыркы да чакырыгындагы депутат Мурат Жураевдин ой-пикирин сураган.

- Кыргыз-казак чегарасын тактоо жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча Сиздин оюңуз кандай ?

- Ратификация өткөн чакырылышта өткөн жок. Себеби биз берген көп суроолорго жооп алган жокпуз. Азыр ратификациялоо боюнча комиссия түзүп атабыз. Жакында биз Токмокко барып келдик. Азыр 15-20 күндөн кийин Таласка, анан Каркырага барабыз. Айта турган сөз, биринчиден, жер аянтынын аты алмаштырылып атат. Алмаштыруу болгондон кийин алмаштыра турган адам да, алган да адам ыраазы болуш керек. Бирок азыркы күндө Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон жок. Себеби Таластагы гранит чыккан карьерди берип атабыз, ошонун ордуна аэропорттун жанындагы кум аянтын алып атабыз.

Азыркы парламентте “Ак жол” фракциясы конституциялык үстөмдүк кылып атат. Бирок ошого карабастан комиссиянын ичинде мен да мүчө болуп, биздин депутаттарды көрсөтүп, муну ратификациядан өткөрбөшкө аракет кылып атабыз.

- Бул жерде маселе чыгып жаткан 2-3 жердин негизгиси бул Каркыра жайлоосу сыяктанат. Жергиликтүү тургундар жерибиздин бардыгын казактарга берип атышат деп коңгуроо кагып жүрүшөт, ага сиз да күбөсүз. Өкмөт болсо бул жайлоо атам замандан бери эле эки эл бирдей пайдаланган жер болчу, чыр-чатак чыгаруунун эч кандай негизи жок деп атат. Парламент мунун чын-бышыгын кантип аныктай алат, же өкмөттүн ошол негиздемеси жетиштүү болобу?

- Каркыра маселеси туура, аны көтөрбөй койсо деле болот эле, себеби бул жайлоого кааласа казактардын чабандары келип койлорун багып кетсе болот. Маселени булар коюп атат, чек ара коебуз деп. Бул туура эмес. Ошондой эле Таластан биз чоң гранит чыккан карьерди берип атабыз, бул биздин байлык. Мен жакында Таласка барганда, эл нааразы болду, биз бул карьерди бербейбиз, бул биздин байлык деп айтып жатышат. Ошон үчүн азыркы күндө бул ратификацияны мен колдобойм.

- Ратификация кайсы убакка туш келиши мүмкүн. Бул көптөн бери күтүлүп жаткан маселе, кыргыз-казак мамилесиндеги орчундуу маселелердин бири болуп турат. Ошол качан кабыл алынчудай?

- 15-20 күндөн кийин комиссия ишин бүтөт, анан комитетте кайрадан каралат, андан кийин депутаттар өзүбүздүн сунушубузду беребиз, бул туурабы, туура эмеспи. Ошондон кийин гана сессияга добушка коюлат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG