Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

17:45 Президент БШК мүчөлөрүн дайындады


Мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин бүгүнкү жарлыгына ылайык БШКнын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду. Ал эми президент кол койгон башка жарлыкка ылайык, БШКнын мүчөлүгүнө Жамиля Алымбекова, Елена Булдакова, Кеңешбек Касымбеков, Дамир Лисовский, Каныбай Маматкеримов, Токтогул Султакеев Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү болуп дайындалышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Эки жума мурун Жогорку Кеңеш тарабынан БШК курамынын жарымы шайланган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG