Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Окумуштуулардын айтымында, соңку жылдары аба-ырайы өзгөрүп, мөңгүлөр эрий баштаганынан улам Кыргызстандагы көлдөрдүн, дарыялардын деңгээли көтөрүлүп жаткан кез. Кандай болгон күндө да 2030-жылдарга чейин Кыргызстанда суунун мол бойдон калары айтылууда. Андан соң суу деңгээли акырындан азайышы күтүлөт. Гидроэнергетика жана суу маселеси боюнча институтунун директору Дүйшөн Маматкановдун айтымында, азыркы тапта Кыргызстанда суу ресурстары мол болгондуктан аны туура пайдаланып калуу керек. Маселен, бир гана Сарыжаз дарыясы өлкөгө аябагандай мол каражат алып келет дейт окумуштуу.

Кыргызстандын түштүк-чыгыш тарабынан Кытайды көздөй аккан Сары-жаз суусу 200 километрге чейин созулат. Окумуштуулардын айтымында, мөңгүлөрдөн пайда болгон бул суу Синьцзян уйгур автономдуу облусунун 75 % бөлүгүн суу менен камсыз кылат. Андан тышкары бир гана ушул дарыянын тутумуна 1 миллион 472 миң кВт. кубаттуулугундагы төрт ГЭСти курууга болот.

Гидроэнергетика жана суу маселеси боюнча институтунун директору Дүйшөн Маматкановдун пикиринде, Сарыжазда ГЭС курула баштаса Кытай менен туташкан жаңы авто жол пайда болуп, Синьцзяндан көптөгөн туристтер Ысыккөлгө келе башташат. Окумуштуунун ырасташынча, Кытай тарап дагы буга абдан кызыгып жаткандыктан, ГЭСтин курулушу эртелесе Кыргызстанга абдан чоң киреше алып келмек:

- Бул төрт ГЭСти курсак Синьцзян экономикалык жактан алганда абдан арзан, экологиялык жактан абдап пайдалуу электроэнергия алат. Алардын да биздин да экономиканын өсүшүнө жардам берет бул дарыя.

Бул дарыяга ГЭС куруу боюнча алдын-ала иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Орусияга таандык “Сарыжаз” жабык акционердик коому түзүлүп, иш алып барып келет. Адистердин баамында, ГЭСти бул дарыяга Орусия тарап кура турганы ачык болуп калды. Анткени, мындай чоң долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын каражаты жетишсиз.

Ал эми айрым саясат талдоочулар буга чейин Кыргызстан суу саясатында уттуруп келатканын айтышып, мол суу ресурстардын келечекте натыйжалуу пайдаланылышы ойлонто турган маселе экендигин айтышууда. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев бул тууралуу мындай дейт:

- Суу деген өткөн кылымдан тартып эле бир топ мамлекеттерде тартыш болуп калган. Эли көп мамлекеттерде, жери көп мамлекеттерде ошондой. Биздин Үзөнгүкууштун маселеси ал, Кытайдын чек арасы экен же картага туура эмес түшүп калган деген туура эмес. Үзөнгүкууш сууга бай, кенге бай. Ошондуктан келечекте суунун жетишпесине көзү жеткен кошуна чоң мамлекет жерди тартып алды.

Соңку кездери аба-ырайынын бузулуп баратканы дагы Орто Азия аймагында суу балансына өз таасирин тийгизери айтылууда. Күндүн барган сайын ысып баратканынан жыл сайын бир канча метр мөңгүлөр жок болуп, көл, дарыялардын деңгээли көтөрүлүүдө.

Мындан улам кайсы бир серепчилер Өзбекстан, Казакстан сыяктуу төмөндө турган мамлекеттерди суу каптап кетүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтышат. Бирок окумуштуулар андай кооптонууга али эртелик кыларын, азырынча суу сактагычтар жетиштүү экендигин айтышууда.

Гидроэнергетика жана суу маселеси боюнча институтунун адис кызматкери Лариса Бажанова мөңгүлөрдүн эриши тууралуу буларга токтолду:

- Аба-ырайынын барган сайын ысып, бул тенденциянын XXI кылымда сакталып жатышы, мөңгүлөргө тарс таасирин тийгизе берет. 4500 метрге жетпеген бийиктиктеги мөңгүлөр абдан көп жабыркашат. Мындай мөңгүлөргө Күңгөй Алатоо да кирет. Ал Ысыккөлдүн түндүгүндө жайгашкан. Болжолдонгондой эле жакынкы ондогон жылдар ичинде аба-ырайы 2 градус көтөрүлсө, Күңгөй Алатоонун мөңгүлөрү 76 пайызга азайса, Тескей Алатоонун мөңгүлөрү 32 пайызга чейин азайат.
XS
SM
MD
LG