Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

18:30 Орус Думасынын Коопсуздук комитети улутчулдарга байланыштуу маселени карайт


Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлаганы боюнча Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коопсуздук комитетинин төрагасы Владимир Васильев Кыргызстандын Москвадагы элчилигине жооп кат жолдоду. Анда Мамлекеттик Думанын төрагасы Борис Грызловдун көрсөтмөсү менен Коопсуздук комитети ички иштер министрлигинен улутчулдук жана расалык кылмыш менен күрөштүн жүрүп жаткандыгы, анын жыйынтыктары тууралуу билдирүүсүн талап кылгандыгы айтылган. Коопсуздук комитетинин төрагасы Владимир Васильевдин маалымдаганы боюнча улутчулук жана расалык кылмыш менен күрөшүү маселеси комитеттин жакынкы арадагы талкуусуна коюлмакчы.
21-февралда Жогорку Кеңеш кыргыз жарандарына такырбаштардын кастыгын токтотуу жөнүндө орус бийликтерине кайрылуу жиберген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG