Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:20

БЕЛОРУС ОППОЗИЦИОНЕРИН АЯЛЫНЫН ТАЖИЯСЫНА ТҮРМӨ БАШЧЫСЫ КОШТОП КЕЛДИ


Амирбек Усманов, Прага Белорус оппозициясынын лидерлеринин бири Александр Козулин аялынын тажиясына катышуу үчүн абактан үч күнгө убактылуу бошотулду. Козулинге тирүүлүк парзын аткарууга уруксат берүүнү Евробиримдик жана АКШ да сураган. Ал өзү тажияга койо берүүнү талап кылып, ачкачылык жарыялаган эле. Козулин 2006- жылы президент Лукашенконун кайра шайлануусуна каршы нааразылык акциясын уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн 5,5 жылга эркинен ажыратылган.

Оппозициядагы “Грамада” социал-демократтык партиясынын лидери Александр Козулинди Минскидеги үйүндө журналисттер менен санаалаштары күтүп алышты. Ошон үчүн аялынын тажиясына келген саясатчы тынымсыз интервью берүүдө.

“Абакта бир күндө кеминде 200 кат келген да күн болду. Таң калычтуусу, каттардын көбү чет өлкөлөрдөн. Белорустар али ойгоно элек”,- дейт Белорус мамлекеттик университетинин мурдакы ректору Александр Козулин.

Ал 2006- жылкы президенттик шайлоого оппозициячыл талапкер катары катышкан жана добуштарды бурмалоого каршы нааразылык акциясына чыкканы үчүн “чээнден чыккан ээнбаштык жасады” деп айыпталып, 5,5 жылга кесилген. Батыш Козулинди саясый туткун деп тааныган.

Козулинди үйүнө Витебскидеги колониянын директору Витал Агництиков “Жигулисине” салып келди. Агництиков бир күн мурда эле Козулин түрмөнүн эрежесин бузганын айтып, анын аялынын сөөгүн жайга берүүгө баруусуна уруксат бербей жаткан. Бирок күтүүсүздөн эле дүйшөмбүнүн кечинде бул чечимин өзгөрттү.

Александр Козулиндин эки кызы атасы менен жолукканча, анын тажияга келерин билишкен эмес. Ошон үчүн шейшемби күнү эртелеп, атасын тажияга койо берүүнү жана коомдук коштошууга уруксат берүүнү сурап, Минск шаардык өкмөтүнө кайрылган. Таң эртелеп колдоруна шам кармаган миңдей адам ордо шаардын Октябрь аянтына чогулуп, Козулинди аялын жайга берүүгө койо берүүнү бийликтерден талап кылышты.

Козулинге аялынын көз жумганын ишемби күнү эртең менен абактын башчысы Агництиков айткан. “Жума күнү аялымдын ахывалын билүү үчүн үйгө телефон чалайын десем, “телефон жок” дешип, байланыштырбай коюшкандан кийин, ачкачылык жарыяладым”,- дейт Козулин:

-Мен ачкачылык баштаймын дедим. Же мени аялымды жайга бергенге койо бересиңер же мени аны менен кошо көмөсүңөр дедим. Бийликтегилер менин чечкиндүүлүгүмдү түшүнүшкөн болсо керек. Кечээ Минскиде болгон тилектештик акцициясы өлкөгө жайылып, режимге катуу сокку урду деп ойлойм.

Президент Лукашенко өткөн жумада Козулинге аялынын дарылануусу үчүн аны чет өлкөгө коштоп барууну сунуш кылган. Бирок өлкөгө кайра келбейсиңер деген талап койгон. Буга Козулин да, 49 жаштагы Ирина да макул болушкан эмес. Ошентип, Лукашенконун шартынын баасы - Иринанын өлүмүнө турду.
XS
SM
MD
LG