Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

ПРОФЕССОР ТАНАКА: АКАЕВДИН ЭКОНОМИКАГА ИЛИМИЙ МАМИЛЕСИ АША ЧААП КЕТТИ


Төрөкул Дооров, Токио Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон тарта экономикалык өнүгүүнүн өзүнө ылайыктуу жолун тандап алууга аракет кылып келатат. Мында өлкө жетекчилиги дүйнөдөгү ири мамлекеттердин тажрыйбасына кайрылууну туура таап, экс-президент Аскар Акаев өзүнүн экономикалык кеңешчиси катары жапониялык профессор Тедсужи Танака менен иштеше баштаган. Анткен менен Кыргызстанда жүргөн экономикалык иш-аракеттер өз учурунда жемишин бербей, кырдаал начарлай бергени элдин нааразылыгын жаратып, 2005-жылы мартта бийликтин алмашуусуна алып келди. Акаевке учурунда насаат берип келген Танака мырза абалдын начарлап кеткенин базар экономикасына багыт өз учурунда туура тандалбай калганы менен байланыштырат. Профессор Танака Кыргызстандын жаңы жетекчилиги менен да иштешип келатат. Ушул жумада Тесужи Танака Токиого барган борборазиялык журналисттер менен жолугушту.

Тесужи Танака көп жылдардан бери Борбор Азиядагы мамлекеттердин жетекчилери менен кызматташып жүрөт. Бирок баарынан да ал Кыргызстан менен көбүрөөк иштешип калганын айтты.

Кезинде өлкө эми гана базар экономикасына кадам таштап, анын өзгөчөлүгү жана жолдорун үйрөнө баштаганда, профессор Танака жапон экономикасынын тажрыйбасы аркылуу ал кездеги президент Аскар Акаевге кеңеш берип келген. Бүгүн болсо ал азыркы кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин да экономикалык кеңешчиси.

Кыргыз экономикасы тууралуу сүйлөп жатып, Танака мурдагы жетекчиликтин экономиканы либералдаштыруу боюнча жасаган “ашкере ылдам кадамы” артка кетүүнүн негизги себеби болуп калды деп айтты.

- Мен Аскар Акаевдин кеңешчиси болчумун. Ал өз ишинде Эларалык Валюта Корунун бүт көрсөтмөлөрүн кандай айтылса, аны толугу менен ошондой аткарганга аракет кылчу. Бир чети, ошол учурда андан башка жол да жок болчу деп ойлойм. Анткени өлкөдө эч кандай деле баалуу жаратылыш ресурстары жок болчу жана эларалык каржылык колдоого ээ болуу зарыл эле. Ошондуктан эларалык корлордон кредиттерди алганы да туура кадам болчу. Анын үстүнө, Акаев – окумуштуу. Кийин ал экономиканы деле үйрөндү, бирок экономикага да толугу менен илимий мамиле жасап, аша чаап кетти окшойт.

Мисалы, мен ага Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчөлүккө ашыкпагыла деп насаат берген болчумун. Бирок баары бир өлкө ал уюмга кирди. Менимче, бул өз учурунда эмес, өтө эле эрте болуп калды. Ал эми азыркы президент Курманбек Бакиев экономиканы либералдаштырууга өтө этият мамиле жасап, ага толугу менен киришпей жаткандай көрүнөт. Бул иште чындап эле этият болууну мен буга чейин Акаевке да улам айтып келгем.


Танака мырза азыр Кыргызстанда кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүү зарылдыгын, ар бир айыл же аймак өзүнө гана тиешелуу бир товарды өндүрүп чыгарса, экспорт үчүн иштегенге да ылайыктуу болмок деп эсептээрин билдирди.

Ал эми Борбор Азия регион катары өнүгүшү үчүн, профессордун оюнча, ал жалпы эле дүйнөдө жүрүп жаткан процесске кошулуп, ага биригүү талап кылынат:

- Борбор Азия регионун Токиодон туруп картадан караганда, кудум бир региондой көрүнөт. Бирок ал жерге барганда мамлекеттердин ортосунда айырма көп экенин түшүнөсүң. Жалпы дүйнөлүк практикадан алып караганда да, бири-бирине жакын жайгашкан мамлекеттер ортосунда проблемалар көп болот. Ошол эле учурда бул мамлекеттердин ортосунда окшоштуктар да аз эмес: алар баары - азиялык мамлекеттер жана аларды бириктирип турган жалпы тарыхый тажрыйба бар. Алдыдагы 2-3 жылдык өнүгүү тууралуу айтканда, эгерде Борбор Азия өнүгүү үчүн биргеликте аракеттенбесе, анда ал бүгүнкү акыбалдан өйдө көтөрүлө албайт.

Профессор Танака Борбор Азия мамлекеттери, өзгөчө, андагы президенттер менен көптөн бери иштешип жүрөт. Ал өзү байкаган негизги олуттуу көрүнүштөрдүн бири – непотизм. Тууган-туушкандарын, жакын досторун же жердештерин, иши кылып, өзүнүн жакындарын кызматка алып келүү көрүнүшү бул мамлекеттердин өнүгүшүнө залакасын тийгизип жаткан башкы себептердин бири, дейт жапониялык профессор Тесужи Танака.
XS
SM
MD
LG