Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:32

КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ: ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМДАРДЫН ТИЗГИНИН ТАРТУУ КЕРЕК


Талдоочулардын баамында Кыргызстанда, айрыкча Ош аймагында миссионерлер абдан активдешип, өлкөнүн коопсуздугуна чындап коркунуч жаратууда. Бийликтин кайдыгерлиги, дин кызматкерлеринин чала сабаттуулугу кырдаалдын курчушуна өбөлгө жаратып олтурат. Бул жөнүндө өлкөдөгү диний кырдаал талкууланган Оштогу жыйында дагы катуу сөз болду. Дин иштери боюнча мамагенттигинин директору Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда өлкөдө диний-экстремисттик уюмдар активдешип жатканын баса белгиледи.

- Сиз жакында Ош шаарында өткөргөн жыйында Кыргызстан диний уюмдардын полигону болуп калды деп билдирдиңиз. Азыркы учурда диний кырдаал өлкөдө ошончолук эле коркунучтуу болуп жатабы?

- Айрыкча, дин маселеси боюнча байланышкан суроолор болгондо биз эч кандай жашырбастан айта турган мезгил келди. Анткени диний абал бир эле биздин өлкөнүн түштүгүндө эмес, жалпы Кыргызстан боюнча бир топ көңүлгө аларлык кырдаалда экендиги белгилүү болуп турат. Ошондуктан биз биринчи кезекте Ош шаарына барып, ал жерде бүт түштүк регионундогу казыларды, имамдарды жана райгосадминистрациянын башчыларын жыйнап, Ош облусунун губернатору Аалы Карашев жана биздин муфтий менен чогуу бир топ иш чараларды көрүп келдик.

-Тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун коркунучу күч алды, куралданууга ыктай баштады деген бир маалымат айтылган экен ошол жыйында, ушуну чындык катары кабылдоого болобу, такталган факт барбы?

- “Хизб-ут Тахрир”, “Аль-Исламия” тобу бул саясий ислам партиясы болуп эсептелет. Алардын кыймыл аракеттери официалдуу түрдө мынча санга жетти деп эч ким айта албайт. Себеби бул партия Кыргызстанда мыйзам чегинде тыюу салынган партия. Бирок алардын таасири, күчү улам-улам өсүп жаткандыгы жөнүндө бардын эле деңгээлдерде айтылып келе жатат. Бизде башка маселе, мисалы “Хизб-ут Тахрир” партиясы, “Акрамия” кыймылы ж.б. диний-экстремисттик кыймылдар эмне үчүн активдештип жатканыны себептерин изилдөө жана аны жоюу биздин негизги милдетибиз. Мисалы, биздин Кыргызстандын түштүгүндө 1266 мечит, 31 медресе, 2 ислам институту бар.

Эгер Кыргызстан боюнча 1668 мечит бар экендигин эске алсак, анда түштүк региондогу мечиттердин саны Кыргызстандагы жалпы мечиттердин 76 пайызын түзөт экен. Ушулардын башында биздин муфтиат турат, башкача айтканда Кыргызстандын диний башкармалыгы. Эмне үчүн ал өзүнүн активдүү иштерин жүргүзүп, тыюу салынган партияларга өзүлөрүнүн активдүү иштерин көрсөтүп, аларга жакшы альтернативди түзө албайт. Биз ошол маселелердин үстүндө иштеп атабыз.

- Дегеле Кыргызстанда диний уюмдардын саны канча акыркы эсеп боюнча?

- Кыргызстан боюнча 1263 диний уюмдар бар. Алардын 50 пайыздан ашыгы ислам конфессиясына таандык. Андан башка дагы христиан, православдар конфессиясы бар. Мындан сырткары кийинки учурларда саны тез көбөйүп жаткан бул евангелисттик христиандар деп коебуз протестанттар агымы. Анын ичинен кулачын кеңири жайып аракет жасап аткандар булар баптисттер, адвентисттер, пятидесятниктер деп коебуз, мына ушуга окшогон бир топ христиандык агымдар бар.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек
XS
SM
MD
LG