Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Жаннат Токтосунова, Бишкек 26-февралда Бишкекте жогорку окуу жай жетекчилеринин, бизнес жана мамлекеттик мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө болгон суроо-талапты жогорулатууга арналган тегерек үстөл үстүндөгү талкуу болду. Адистер учурда университет, академиялардын бүтүрүүчүлөрү жумуш таба албай жүрүшкөнүн, ал эми окуу жайлар берип жаткан билимдин сапаты учурдагы экономиканын талаптарына жооп бербей жаткандыгын белгилешип, маселени чечүү жолдорун талкуулашты.

Кыргызстанда жогорку окуу жай бүтүрүүчүлөрүнүн 10 пайызы гана кесиби боюнча жумушка орношот. “Мамлекеттик кызмат” багыты боюнча борбор калаанын окуу жайларынын биринде окуп жаткан Бурул калган 90 пайызга кирет. Өз кесиби боюнча жумуш таппай, тапса да ага жарыбаган акча алгысы келбеген Бурул “Народный” дүкөнүнө сатуучу болуп орношуп алган. Учурда 5-курстун студенти окууну аяктагандан соң кесибим боюнча жумуш табам деп өзүнө-өзү убада берет. Бурул кесиби боюнча жумуш табабы же жокпу, азырынча айтуу кыйын.

Бүгүнкү тегерек үстөл катышуучуларынын айтымында, учурда өлкөнүн эмгек базарында мамлекеттик кызматкерлерге болгон суроо-талап анча жогору эмес жана келечекте да төмөн болчудай. Бул кесип ээлери менен кошо менеджер жана эл аралык экономика боюнча адис деген өңдүү кесип ээлерине талап аз. “Чыныгы менеджерлерди биз өзүбүз тарбиялап алабыз”, - дейт “Мегаком” компаниясынын адистерди тандоо боюнча бөлүм башчысы Айсулуу Субанбекова:

- Азыр абал мындай болуп жатат: бизге өзүн менеджер деп атаган, менеджердин дипломун кармап алган жаш адам келет. Аңгемелешсек, ал менеджменттин теориясын билет, дүйнөдөгү эң бай адамдардын да бейнесин түзүп бере алат. Бирок ишке келгенде ал жаш улан же кыз жөнөкөй кат жазып, кадимки иш планын түзө албайт.

Айсулуу Субанбекова айтып жаткан сөздөрдү тегерек үстөлдүн башка катышуучулары да тастыкташты. Алардын айтымында, студенттерге азыркы экономикага ылайыкташкан билим жетишпейт. Муну менен кошо мурдагы студенттер улам өзгөрүп жаткан шарттарга ылайык иштей билбегени, абалга анализ жасай албагандыгы белгиленди.

Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Санжар Муканбетов буга себеп катары жогорку билим берүүнүн өзү чоң бизнеске айланганын атады:

- Жылына жогорку окуу жайларды 35 миң адам аяктайт. Бизде ошол 35 миң адиске талап барбы? Бизге азыр кесиптик-техникалык билимге ээ жаштар керек. Кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнүн ортосунда баланс табуу зарыл.

Жогорку окуу жайлар чыгарып жаткан адистер эмгек базарынын суроо-талабына жооп бербей жатканы бүгүн эле жаралган маселе эмес. Сандаган экономисттер менен юристтердин ордуна өлкө айыл чарба адистерине, технологдорго, инженерлерге, геологдорго жана байланыш тармактары боюнча адистерге муктаж.

Жакын арада Кырызстанда Камабарата ГЭСтери курулаары, “Газпром” ишканасынын геологиялык чалгындоо иштери башталаары, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча заводдор тургузулаары белгилүү. Бирок “Aiten Group” уюмунун жетекчиси Диляра Конурбаева белгилегендей, мындай чоң долбоорлорду ким ишке ашырат деген суроого дале да жооп жок:

- Кадрлар маселеси адистер өлкөдөн массалык түрдө агылып кете баштагандан бери чечиле элек. Кадрдык кризисти жөнгө салып, өнөр жай, илим жана билим берүү тармагында алдыга чоң кадам жасаш үчүн үч жагдайды чечүү керек. Биринчиден, илим жана өнөр жай тармагындагы ишмердүүлүктүн кадыр-баркын жогорулатуу зарыл. Экинчиден, материалдык шарттарды жакшыртуу керек. Үчүнчүдөн, кадр саясаты боюнча бирдиктүү мамлекеттик стратегия иштеп чыгуу зарыл. Эгерде мамлекеттин өзүндө кадрдык стратегия болбосо, анда бул проблеманы жөнгө салуу боюнча биздин аракеттерибиз натыйжасыз болуп жатат. Башкача айтканда, өкмөт ички дүң продуктусун эки-үч эсе көтөргүсү келсе, анда идеяларды ишке ашыруу үчүн кайсы тармакта канча адис, канча жыл ичинде керек деген суроого так жооп бериши зарыл.

Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Санжар Мукамбетовдун айтымында, өкмөт бул үчүн жумушчу топ түзүп, ал жакын арада мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгат. Ал эми азырынча акыркы курстун сандаган студенттерине окшоп мамлекеттик кызмат багыты боюнча окуп жаткан Бурул “Народный” дүкөнүндө сатуучу катары ишин улантууда.
XS
SM
MD
LG