Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КЫМБАТТЫГЫ АЧКАЛАР АЛУУЧУ ҮЛҮШТҮ АЗАЙТУУДА


Улуттар уюмунун дүйнөнүн тигил же бул аймагында ачарчылыкка кабылган адамдар менен алектенген агенттиги быйыл таратылуучу жардамын кыскартууга аргасыз болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Мындагы башкы себеп – дүйнөдө азык–түлүктүн кымбатоосу уланып жатканы. Ал эми адистердин пикиринде, бул көрүнүш жакынкы жылдары сакталчыдай.

Британиянын кадыр–барктуу "Financial Times" басылмасы дүйнөлүк Азык –түлүк жана айыл–чарба уюмуна шилтеме берип жазганына караганда, баа кымбаттаганынан улам дүйнөнүн жакыр өлкөлөрү сырттан импорттолгон дан азыктары үчүн акчаны азыр кеминде 35%га көп төлөп калды. Күрүчтүн жана ундун дүйнөлүк баасы акыркы бир жылда эки эсеге өстү.

Өткөн жума күнү эле эл аралык биржалардагы дүң соодада соя майынын бир бушели же 36 литири жаңы рекорддук чекти багындырып, 14 доллардан ашты. Жүгөрү данынын бир бушели же болжол менен 25 киллограммы 5, 25 долларга чыкты. Бул соңку он эки жылдагы эң кымбат баа экен. Ал эми АКШнын Миннеаполис шаарындагы дан биржасында жазгы буудайдын бир бушели 20 доллардан ашып, рекорддук көрсөткүчтү жараткан.

Мындан улам калктуу өлкөлөр ушу тапта азык–түлүктү норма менен таратуу тажрыйбасын киргизүүгө аргасыз болууда. "Financial Times" басылмасы белгилегендей, маселен Египет азыр акыркы жыйырма жылдан бери биринчи ирээт азык–түлүктү норма менен таратуу системасын кеңейтсе, Пакистан 1980-жылдардын орто ченинде тыюу салынган карточкалык системасын кайра киргизди. Кытай жана Орусия сындуу өлкөлөр бааны көзөмөлдөө эрежесине өтсө, Аргентина жана Вьетнам өңдүү мамлекеттер азык–түлүктү экспорттого тыюу салып же бул үчүн салык киргизди. Ал эми импорттогон мамлекеттер тарифтерин азайтууда. Кыргызстан да ушул катарда. Буудай жана ун ташыгандар үчүн кошумча нарк салыгы убактысынча алынып салынган.

Ал эми дүйнөнүн тамак–ашты тойо ичпеген тургундарынын жашоо- тиричилигин бир аз жеңилдетүү менен алектенген Дүйнөлүк азык–түлүк программасы дал ушул баанын кымбатоосуна байланыштуу коңгуроо кагып, кошумча каражат түшпөсө ач-жылаңачтарга багытталган тамак-аштын үлүшүн кыскартууга аргасыз болорун эскертүүдө. Уюмдун Римдеги баш кеңсесинин басма сөз өкүлү Кэролайн Харфорд айым биз менен болгон маегинде буларга токтолду:

-Ооба, Дүйнөлүк азык–түлүк программасы гуманитардык уюм катары азык –түлүк жана отун баасынын өсүүсүнөн өтө жабыр тартты. Биз донорлорду жетпей калган тартыштыкты толтурууга ынандыруу үчүн болгон аракетибизди жасап жаткан кезибизде мурдагы акча, мурдагы өлчөмдө тамак–ашты сатып алууга, мурдагы сандагы адамдарды тоюндурууга жетпей калган реалдуулукка туш келүүдөбүз.

Дүйнөлүк Азык–түлүк программасынын өкүлү Кэролайн Харфорд кошумчалагандай, бул мекеменин башкы донорлорунун алдыңкы сабында АКШ жана Евробиримдик турат. Агенттиктин эсебинде, дүйнө калкынын тойо тамак ичпегендеринин саны азыр кеминде 850 миллион. Ал эми Дүйнөлүк азык–түлүк программасы тамак-ашты быйыл болгону алардын 10%га жетпегенине гана таратууну белгилеген:

-Биз дүйнөдө тамак–ашы талап кылынган өлчөмгө жетпеген адамдардын саны 850 миллиондон көп экенин билебиз. Быйылкы жылы 78 өлкөдө 73 миллион адамды азыктандыруу боюнча долбоорлорду жактырганбыз. Албетте биз бул жетишсиз экенин түшүнөбүз. Баалардын өскөндүгү дүйнөдөгү ач адамдардын реалдуу санынын атүгүл ушул азганактай бөлүгүнө да жетүүнү мүмкүн эмес кылып жатат.

Адистер болсо азык-түлүк баасынын өсүү себептери катары бир нече факторлорду: өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө калк саны өсүүсүн, климаттын өзгөрүүсүнөн улам кургакчылык менен суу ташкындардын көп кайталануусун жана биотун өндүрүшүнөн дан азыктарына болгон суроо–талаптын күчөгөндүгүн аташууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG